Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 17-июлу № 127
2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы "Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт" долбоорун (РЖЖТД-Адапт) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы "Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт" долбоорун (РЖЖТД-Адапт) каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондуна кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 127 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |