Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-июлу № 131
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөр - ар кандай методдорду колдонуу менен магиялык таасир этүү жолу аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтар;";
2) 16-берененин 7-бөлүгү түмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана аларды көрсөтүүчү адамдардын. Оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 18-июлундагы № 55 (3609) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 12-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |