КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-июлу № 134
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
89-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Уставында пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт.
Диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) жарыяланды
1-беренеде көрсөтүлгөн ченемдер ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин катталган юридикалык жактарга карата колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |