Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 23-июлу № 136
Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 34-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3081-берене менен толукталсын:
"3081-берене. Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүү боюнча талапты бузуу
Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүү боюнча талапты бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 65 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 470-беренеде "308" деген цифралар "308, 308-1" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 519-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан түзүлгөн салык контролунун материалдары ушул Кодекске ылайык кароо жана жоопкерчиликке тартуу үчүн салык төлөөчү катталган жери боюнча аймактык салык органына берилет.";
4) 563-берененин 6-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "3091" деген цифралар "309, 3091" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
159-берененин 1-бөлүгүндө "240" деген цифралар "2401" деген цифраларга алмаштырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) банк - эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк, адистештирилген финансылык-кредиттик же кредиттик мекеме же уюм;";
2) 15-берененин 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "ушул Кодекстин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечимдер кабыл алынган" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктүн жоболору Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында ушул Кодекске өзгөртүүлөр киргизилген учурларга жайылтылбайт.";
3) мамлекеттик тилдеги 37-берененин 4-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) сатуудан алынуучу салык.";
4) 48-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салык төлөөчү өз кабинети аркылуу:
1) салык кызматынын органынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерде пайдаланылуучу электрондук документтерди алат:
2) салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган электрондук документтерди, анын ичинде кагаз жүзүндөгү документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн берет;
3) Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин туруктуу негизде жүргүзөт жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылат. Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестри киреше салыгы боюнча отчетторду берүү учурунда салык төлөөчү тарабынан пайдаланылат. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга жайылтылбайт.
Электрондук документтер салык төлөөчү же салык кызматынын органынын жетекчиси өзү кол койгон кагаз жүзүндөгү документтерге теңдеш деп таанылат.
Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, эгерде электрондук документтер салык төлөөчүгө жөнөтүлсө же ага анын кабинети аркылуу берилсе, кагаз жүзүндөгү документтерди жөнөтүү талап кылынбайт.";
5) 51-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) салык төлөөчүнүн өз кабинети аркылуу Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүүгө жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылууга. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга жайылтылбайт;";
6) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жазма буйруктун негизинде көчмө салыктык текшерүү, рейддик салык контролу жана салык төлөөчү тааныган салык карызын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү, жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын аныктоо үчүн салык постун орнотуу формасында, ошондой эле бар болушу же пайдаланылышы салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келген аймакта же жайда хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамына кирүүгө мүмкүндүк берүүгө;";
б) 56-берененин 21-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 72-берененин 5-бөлүгүндө "кабарламанын" деген сөз "арыздын" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) мамлекеттик тилдеги 110-берененин 1-бөлүгүндө "кирет" деген сөз "турууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 111-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө башкача каралбаса, салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндөгү салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө жеке жактын арызынын;
2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген маалыматтын;
3) салык кызматынын органы тарабынан аныкталган, жакты салык төлөөгө милдеттендирүүчү ушул Кодексте каралган жагдайлардын.
Ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурда салыктык каттоо салык органы тарабынан жалпы салык режимине мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.
Жеке ишкерлерди салыктык каттоо жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо деп таанылат.
2. Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо жүргүзүлөт, ал бир эле убакта анын КНС салык төлөөчү катары каттоосу деп таанылат.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн уюм мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоодон өтүүгө тийиш.
Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
10) 118-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда "чечими" деген сөз "жазуу жүзүндө кабарлоосу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 127-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:
12) 138-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) көрсөткүчү салык төлөөчүнүн кабинетинде көрсөтүлгөн жалданма кызматкерлердин санынан ашкан жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын жашыруу фактысы аныкталганда.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жалданма кызматкерлер боюнча салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр усулунда ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү колдонулат.";
13) 163-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк мекен толукталсын:
"21. Эгерде рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы тарабынан киреше салыгы боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасы тиешелүү салык мезгилинин салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу төмөндөтүлгөнү аныкталса, салык төлөөчүгө төмөндөтүлгөн салыктын суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.";
14) 164-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-бөлүктөр менен толукталсын:
"11. Төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы кармалбаганда жана төлөнбөгөндө салык агентине төлөнүүгө тийиш болгон салыктын кармалбаган жана төлөнбөгөн суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.
12. Бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесинин суммасы жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын иш жүзүндөгү өлчөмүнөн эсептелет, бюджетке өндүрүлөт жана бул салык төлөөчүгө карата, эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органы тарабынан төмөнкүлөр аныкталса, эсептелген салык милдеттенмесинин суммасынан беш эселенген өлчөмдө салык санкциясы колдонулат:
- салык төлөөчү белгилүү бир салык мезгили үчүн киреше салыгы боюнча салык отчетун бербегени; жана/же
- салык төлөөчү тарабынан салык отчетторунда жана/же ушул Кодекстин 51-беренесине ылайык жүргүзүлүүчү Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестринде көрсөтүлбөгөн жалданма кызматкерлерди тартуу фактысы.
Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органы жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын иш жүзүндөгү өлчөмүн аныктабаса, анда ушул бөлүктүн максатында ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү колдонулат.";
15) 178-берененин 21-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "мындай статуста катталган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-пунктта "мындай статуста эсептик каттоодон өткөн" деген сөздөр алып салынсын;
16) мамлекеттик тилдеги 183-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Министрлер Кабинети ушул Кодексте белгиленген салыктардын ставкаларынын чегинде улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө пайда салыгы, КНС жана сатуу салыгы боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин, ошондой эле салык жеңилдиктерин берүү тартибин бекитет.";
17) 187-беренеде:
а) 2-бөлүктө "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга карата бир айдагы орточо айлык эмгек акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.
Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө расмий жарыяланууга тийиш.";
в) 6-бөлүктүн биринчи абзацында "минималдуу эсептик киреше" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 7-бөлүктүн биринчи абзацында "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 189-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуунун же куруунун наркын кемитүү менен, ошондой эле ондоого жана/же жасалгалоого кеткен чыгымдарды кемитүү менен жана/же салык төлөөчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөндө атайын декларацияда чагылдырылган наркты кемитүү менен аны сатуудан түшкөн каражат;";
19) 191-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) дайыма багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон баланын жана/же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар.";
в) мамлекеттик тилдеги 4-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) пенсиялар, жөлөкпулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр, зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү, бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегендиги үчүн белгиленген үстөктөр жана райондук коэффициенттер, эгерде бул төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуш берүүчүнүн милдети болуп эсептелсе;";
г) 6-бөлүктө:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде сатылуучу мүлк салык төлөөчү тарабынан жакын тууганынан мурастоо же белекке берүү тартибинде алынган болсо, анда белгиленген бир жылдык мөөнөт мураска калтыруучунун же белекке берүүчүнүн менчик укуктары катталган датадан тартып эсептелет;";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) автомототранспорт каражатын кошпогондо, өз муктаждыктары үчүн алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлк.";
д) 7-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивидендди кошпогондо, резидент-жеке жак тарабынан алынган, ошондой эле ушул Кодекстин 240-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 3 пайыздык ставка боюнча салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-жеке жак тарабынан алынган дивиденд;";
20) 197-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) I же II топтогу майыптыгы барлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан белгиленген угуу боюнча III топтогу майыптыгы барлар. Майыптык тобун тастыктоочу документ салык агентинин салык төлөөчүнүн кабинетинде тиркелиши керек.";
21) 199-берененин 2-бөлүгүндө "минималдык эсептик кирешеден" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акыдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 200-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде кызматкердин киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү орточо айлык эмгек акынын суммасынан аз сумманы түзсө:
1) киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү салык агенти тарабынан киреше салыгы кармалуучу орточо айлык эмгек акыга тең деп кабыл алынат;
2) орточо айлык эмгек акыдан кармалуучу киреше салыгынын суммасы жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт:
а) кызматкердин эмгек акысынан - иш жүзүндөгү эсептелген салык базасынан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө;
б) жумуш берүүчүнүн каражаттарынан - орточо айлык эмгек акы менен иш жүзүндө эсептелген салык базасынын ортосундагы айырмадан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө.
Учурдагы ай үчүн салык милдеттенмесин эсептөө үчүн киреше салыгы боюнча салык базасы жана орточо айлык эмгек акынын суммасы учурдагы салык мезгилинин башынан тартып кызматкер иш жүзүндө иштеген айлар үчүн жогору өсүүчү жыйынтык менен жумуш берүүчү тарабынан эсептелет.";
б) 8-бөлүктө "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 206-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы иш - Кыргыз Республикасы бул товарлар чыгарылган жер болуп саналбаган учурда жүзөгө ашыруу жери Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жайгашкан товарларды сатуу боюнча иш. Ушул пункттун максаттарында товарлар деп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтпөгөн товарлар түшүнүлөт;";
24) 233-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Улуттук банктын жөнгө салуучу талаптарына, же болбосо Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык банк тарабынан түзүлүүчү резервдердин суммасы мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамда каралган учурларда жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш.";
25) 240-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул бөлүмгө ылайык эсептелген, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүдөн түшкөн пайдага салыктын ставкасы 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Ушул бөлүктү колдонуу укугу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнчө эсеп жүргүзгөндө гана пайда болот.";
26) 249-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"249-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелерине салыктын ставкалары
1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешесине салык агентинде төмөнкүдөй ставкалар боюнча салык салынууга тийиш:
1) листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фонддук биржасынын листингинде турган баалуу кагаздардан алынган пайыздык кирешелерден тышкары, дивиденддер, пайыздык кирешелер, исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча төлөнүүчү кирешелер - 10 пайыз;
2) төмөнкүлөр боюнча төлөнгөн камсыздандыруу сый акылары:
а) милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу же тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча - 5 пайыз;
б) милдеттүү камсыздандыруу же тобокелдиктерди милдеттүү камсыздандыруу боюнча кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча - 10 пайыз;
3) автордук гонорарлар, роялти - 10 пайыз;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр - 10 пайыз;
5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланышта жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 5 пайыз.
Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп ташуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда гана жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, деңиз, суу же аба кемеси, автотранспорт каражаты же темир жол транспорту аркылуу ар кандай ташуулар түшүнүлөт.
2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 240-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 3 пайыз ставка боюнча пайдага салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө алынган дивиденддерге төлөм булагында 0 пайыз ставка боюнча салык салынууга тийиш.";
27) 253-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, жумуш аткаруучу же кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле сатып алуучуларга - Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке жактарга товарлар менен электрондук соода жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм же жеке ишкер. Ушул кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун КНС боюнча милдеттенмесин салык агенти аткарат.";
28) 295-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта:
- биринчи абзацта "өндүрүү" деген соз "реконструкциялоо, өндүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) үчүнчү тарабынан мамлекеттик орган же мамлекеттик мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, жеке уюм менен. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети социалдык маанилүү объект тууралуу келишим түзгөн жеке уюмдар жөнүндө жобону бекитет;";
б) 2-пунктта "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке уюмга жумуштарды өткөрүп берүү же товарды, же кыймылсыз мүлк объектин, курулманы берүү социалдык маанилүү объектти реконструкциялоодо, курууда же өндүрүүдө мындай келишим түзүлгөн датадан тартып 3 жылдан кеч эмес мөөнөттө жана социалдык маанилүү объектти импорттоодо Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген күндөн же Кыргыз Республикасынын аймагында мындай объектти сатып алган күндөн тартып бир жылдан кеч эмес мөөнөттө жүзөгө ашырылса;";
в) 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) социалдык маанилүү объект деп төмөнкүдөй товар же кыймылсыз мүлк объекти, курулма таанылат:
а) калктын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфратүзүм жаатындагы керектөөсүн канааттандырууга багытталган; жана
б) грант берүүчүнүн эсебинен реконструкцияланган, чыгарылган же курулган. же сатып алынган; жана
в) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өч алдынча башкаруу органына, жеке уюмга андан ары пайдалануу үчүн өткөрүп берилген:
4) грант берүүчү деп социалдык маанилүү объектти реконструкциялоо, өндүрүү жана/же куруу, жана/же сатып алуу үчүн грант берген, социалдык маанилүү объект боюнча үч тараптуу келишимдин негизинде андан ары пайдалануу үчүн аны мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке уюмга өткөргөн жеке жак же жеке адамдар жана/же уюм же уюмдар таанылат.";
29) 296-беренеде:
а) 5-пункт "чыгарылган" деген сөздөн кийин "жана/же чогултулган" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттерге спортту өнүктүрүүгө багытталган товарларды берүү. Спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
30) 297-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттер тарабынан импорттолуучу, спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23, 26-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо ТЭИ ТН ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча КНС төлөөдөн бошотулат.";
31) 307-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык салынуучу берүү боюнча КНС үчүн салык базасы болуп ушул Кодекстин 308-беренесине ылайык аныкталуучу берүүнүн салык салынуучу наркы саналат.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча КНС үчүн салык базасы болуп ушул Кодекстин 311-беренесине ылайык аныкталуучу импорттук товарлардын салык салынуучу наркы саналат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, тобокелдиктерди башкаруу тутумуна ылайык тобокелдиктин белгилери бар КНС салык базалары Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.";
32) 311-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
33) 336-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"336-берене. Акциздин базалык ставкалары
1. Акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
№ | Акциздик товарлар | ТЭИ ТН коду | Өлчөө бирдиги (салык базасы) | Салыктын базалык ставкалары |
1 | Денатураланбаган этил спирти, этил спирти жана башка денатураланган бардык концентрациядагы спирт тундурмалары, буга өндүрүү укугуна лицензиясы бар болгон учурда товар өндүрүүчүлөргө же арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтөндүрүлгөн ширелерди, бальзамды, шарапты өндүрүү үчүн товар өндүрүүчүлөр тарабынан импорттолуучу же атайын керектөөчүлөргө норманын чегинде өндүрүү кирбейт | 2207 | литр | 350 сом |
2 | Арак | 220860 | литр | 300 сом |
3 | Ликер-арак ичимдиктери | 220830; 220870; 220890 | литр | 300 сом |
4 | Күчтөндүрүлгөн ичимдиктер, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар | 220840; 220850 | литр | 300 сом |
5 | Шараптар | 2204, буга 220410 жана 220430 кирбейт; 2205;2206 | литр | 100 сом |
6 | Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 2208201200-2208202900; 2208206200-2208208900 | литр | 200 сом |
7 | Шуулдап туруучу шараптар, анын ичинде газдалган шарап жана шампан | 2204; 2205;2206 | литр | 140 сом |
8 | Бөлүштүрүп куюлган жана бөлүштүрүлүп куюлбаган сыра | 2203 | литр | 30 сом |
9 | Шарап материалдары | 220430 | литр | 35 сом |
10 | Алкоголу аз ичимдиктер | 220890 | литр | 200 сом |
11 | Курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар | 2202 | литр | 100 сом |
12 | Тамеки буюмдары: |
|
|
|
1) | Чыпкасы бар сигареттер, чыпкасыз сигареттер жана папиростор: | 2402 | 1000 даана |
|
2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |
|
| 2250 сом | |
2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2500 сом | |
2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2750 сом | |
2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 3000 сом | |
2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 3250 сом | |
2027-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 3500 сом | |
2) | Сигариллалар: | 2402 | 1000 даана |
|
2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |
|
| 2250 сом | |
2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2500 сом | |
2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2750 сом | |
2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 3000 сом | |
2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 3250 сом | |
2027-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 3500 сом | |
3) | Сигаралар: | 2402 | 1 даана |
|
2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |
|
| 200 сом | |
2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 250 сом | |
2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 275 сом | |
2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 300 сом | |
2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 325 сом | |
2027-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 350 сом | |
4) | Түтүктүү, чегүүчү, чайноочу, соруучу, жыттоочу, кальяндык тамеки (тамеки продукцияларын өндүрүү үчүн чийки зат катарында пайдаланылуучу тамекини кошпогондо): | 2403 | килограмм |
|
2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |
|
| 800 сом | |
2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2000 сом | |
2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2250 сом | |
2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2500 сом | |
2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2750 сом | |
2027-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 3000 сом | |
5) | Ысытылган тамекиси бар цилиндр формасындагы буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы (стик), тамеки менен ысытылуучу капсула): | 2404 | тамеки аралашмасынын килограммы |
|
2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 3700 сом | |
2024-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |
|
| 4100 сом | |
2024-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда | 2404 | 1000 даана | 2500 сом | |
2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2750 сом | |
2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 3000 сом | |
2027-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 3250 сом | |
6) | Чачылма түрдөгү ысытылма тамеки | 2404 | килограмм |
|
2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 4000 сом | |
2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 5000 сом | |
2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 6000 сом | |
2026-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 7000 сом | |
7) | Электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук: | 2404 | миллилитр |
|
2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |
|
| 3 сом | |
2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 13 сом | |
2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 15 сом | |
2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 18 сом | |
2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 20 сом | |
2027-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 23 сом | |
8) | Бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдары | 2404 | 1 даана | 100 сом |
9) | Электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары) | 8543 40 000 0 | 1 даана | 100 сом |
13 | Мунай продуктулары: |
|
|
|
1) | таш көмүр чайырын жогорку температурада ысытуудан чыккан май жана башка продуктулар; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн массасы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн массасынан жогору болгон ушул сыяктуу продуктулар: отун катары пайдалануу үчүн бензол | 2707 10 100 0 | тонна | 5000 сом |
2) | жаратылыш газ конденсаты, тыгыздыгы 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес 20 ºС жана массасы 1,0%дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсаты, башка | 2709 00 100 1; 2709 00 100 9 | тонна | 5000 сом |
3) | битуминоздук материалдардан алынган чийки мунай жана чийки мунай продуктулары | 2709 00 900 1-2709 00 900 9 | тонна | 0 сом |
4) | мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар | 2710 12 110-2710 12 900; 2710 19 1100-2710 19 150 0; 2710 19 250 0; 2710 19 290 | тонна | 10000сом |
5) | башка мунай продуктулары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) | 2710 20 900 0 | тонна | 5000 сом |
6) | реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун | 2710 192100 | тонна | 2000 сом |
7) | дизелдик отун, газойлдор, оор дистилляттар | 2710 19 3100-2710 19 480 0; 2710 20 1100-2710 20 190 0 | тонна | 2000 сом |
8) | мазут | 2710 19510-2710 19 680 9; 2710203101-2710 20 390 9 | тонна | 2000 сом |
9) | майлоочу майлар; башка майлар | 2710 19 7100-2710 19 980 0; 3403 19 900 0 | тонна | 2000 сом |
10) | мунай продуктулары сыяктуу эле максаттарда пайдаланылуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлор | 3811 11 900 0; 3811 19 000 0 | тонна | 5000 сом |
11) | битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошундулар | 3811 21 000 0 | тонна | 5000 сом |
12) | 2023-жылдын 1-июлунан баштап унаанын күйүүчү майы катары колдонулуучу СКГ | 2711 11 0000-2711 19 0000 | тонна | 3000 сом |
2. Акциздин ставкасы белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
3. Этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана дезинфекциялык каражаттарды жана парфюмериялык-косметикалык продукцияларды ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ченемдердин чектеринде өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар этил спиртин атайын керектөөчүлөр болуп саналат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Атайын керектөөчүлөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
34) 358-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) КНС жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн каражат - алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, аларды сатууда же кайра иштетүүгө чейинки пайдалуу кендердин өздүк наркы;";
35) 364-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган ата мекендик уюм болуп саналган аффинаждык ишкана тарабынан аффинаждалган, алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъект тарабынан сатылуучу спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар сатуудан алынуучу салык төлөөдөн бошотулат. Спортту өнүктүрүүгө багыттылган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
36) 368-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункттун биринчи абзацында "накталай формада төлөнгөн," деген сөздөр алып салынсын;
6) 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) салык салынбаган же КНС төлөөдөн бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө:";
37) расмий тилдеги 373-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында "настоявшей" деген сөз "настоящей" деген сөздөргө алмаштырылсын;
38) расмий тилдеги 397-берененин биринчи абзацында "садовоогородного" деген сөз "садово-огородного" деген сөзгө алмаштырылсын;
39) 401-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Учурдагы салык мезгилинде айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.";
40) 404-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Учурдагы салык мезгилинде калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге тиешелүү болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляциянын коэффициенти белгиленбесе, ал мурдагы салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар колдонулат.";
41) 413-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Айрым салыктар патентти сатып алуу жолу менен төлөнүшү мүмкүн.
Патент электрондук форматта таризделет (электрондук патент).";
б) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
42) 423-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду, ошондой эле ишин Кыргыз Республикасынан тышкаркы аймакта жүргүзүүчү, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып өткөрүүчү субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн каражаттын көлөмү төмөнкүдөй болгон субъект тарабынан:";
б) 7 жана 8-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ушул берененин 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерди, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъектти кошпогондо, иштин бир нече түрүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү иштин ошол түрлөрү үчүн белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү үчүн салыкты өзүнчө эсептейт жана төлөйт.
8. Ушул берененин 1-6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жана экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаган жеке ишкерлерди кошпогондо, калкка товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкер төмөнкүдөй шарттарды бир учурда сактаганда 0 пайыздык ставка боюнча салык төлөйт:
1) катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн каражаттын өлчөмү 15000000 сомдон ашпаган;
2) ишти төмөнкүдөй жүзөгө ашырган:
а) ККМ колдонуу менен;
б) кызматкерлерди жалдабастан, өз ишин экиден ашпаган жалданма кызматкерлерди тартуу менен жүзөгө ашыруучу соода субъекттерин кошпогондо;
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талапты аткарган.
Соода ишин жүргүзүүчү жеке ишкер үчүн 0 пайыздык ставканы колдонуунун кошумча шарты болуп бир соода объектинде иш жүргүзүү саналат.";
в) 11-бөлүктө "8000000" деген цифралар "15000000" деген цифраларга алмаштырылсын;
г) 13 жана 14-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзүүчү жеке ишкер төмөнкүдөй шарттарды бир учурда сактаганда 0,1 пайыздык ставка боюнча салык төлөөгө укуктуу:
1) түшкөн каражаттын өлчөмү катары менен келген акыркы 12 айда 100000000 сомдон ашпаса;
2) ушул Кодексте белгиленген тартипте ККМ, электрондук эсеп-фактураларды жана коштомо документтерди милдеттүү түрдө колдонуу менен иш жүргүзсө;
3) жеке ишкер төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзбөсө:
а) товарларды өндүрүү;
б) алкоголдук продукцияны, тамеки буюмдарын, дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сатып өткөрүү;
4) жеке ишкер экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаса.
Ушул берененин 13-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттар сакталбаганда, жеке ишкер салыкты ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган ставкалар боюнча төлөйт.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн базарлардын жана кичи базарлардын иштешине карата талаптар, аны менен кошо алардын ээлерине карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
14. Турак жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жана/же курулуш иштерин аткаруучу субъект бул ишке карата 6 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.";
43) 427-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "режими төмөнкүлөрдү" деген сөздөрдөн кийин "чогултуу," деген сөз менен толукталсын;
44) 430-берененин 5-бөлүгү "КНС" деген аббревиатурадан кийин "жана акциз" деген сөздөр менен толукталсын;
45) 452-берененин 3-бөлүгүндө "салык төлөөчүнүн түшкөн акчасынын суммасы саналат" деген сөздөр "салык төлөөчүнүн түшкөн каражатынын жана катышуучуга төлөнгөн утуштун ортосундагы айырма саналат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
46) 453-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн салыктын базалык ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
- 2024-2025-жылдар мезгилине 1 пайыз;
- 2026-жылдын мезгилине 2 пайыз;
- 2027-жылдан баштап 3 пайыз.
3. Оюн-зоок ишине салыктын ставкалары белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.";
47) 454-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"454-берене. Салык мезгили
1. Оюн-зоок ишине салык үчүн салык мезгили болуп бир календардык ай саналат.
2. Онлайн-казинолор жана электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн салык мезгили болуп квартал саналат.";
48) 456-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Салык төлөөчү салыкты кварталына бир жолу төлөөгө милдеттүү:
1) онлайн-казинолордун жана электрондук (виртуалдык) казинолордун иши боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кеч эмес;
2) оюн-зоок ишинин калган түрлөрү боюнча - салык мезгили башталганга чейин.";
49) 457-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында ", анын ичинде тосмого карата талаптар" деген сөздөр алып салынсын;
50) 459-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 26-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "эки эселенген" деген сөздөр "беш эселенген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини) Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги 461-берененин биринчи бөлүгүндө "болушу керек" деген сөздөр "болжолдонот" деген сөзгө алмаштырылсын.
7-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж, № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) 2-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-статья. 21, 22, 5, 51-статьяларда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактар, алардын обочолонгон кичи бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары";
б) 1-пункттун "б" пунктчасы "I жана II топтогу майып кызматкерлердин" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-пункттун "б" пунктчасы "(Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 21-статьяда:
а) 1-пункттун "а" пунктчасы "I жана II топтогу майып кызматкерлердин" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-пункттун "б" пунктчасы "I жана II топтогу майып кызматкерлерди" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлерди" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 1-пункттун "г" пунктчасы "I жана II топтогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Ишкердик субъекттер жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ишкердик субъекттер, коммерциялык эмес уюмдар, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар, саясий партиялар, кесиптик бирликтер үчүн төмөнкүдөй белгиленет:
1. Иш берүүчүлөр үчүн (ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо):
а) Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоонун түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 1 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
б) I жана II топтогу майып, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 1,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
2. Кызматкерлер үчүн:
а) иш берүүчүнүн (ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо) Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоосунун түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, пенсионер кызматкерлерди кошпогондо, каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;
б) пенсионер кызматкерлер үчүн, каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;
в) I жана II топтогу майып кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан башкалар), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
3. Ушул статья төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканаларына;
- электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;
- алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
- уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
- интернет-провайдерлерге;
- коммерциялык банктарга, адистештирилген финансылык-кредиттик же кредиттик мекемелерге.
Иштин көрсөтүлгөн түрлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөө тартиби ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык белгиленет.
4. Камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төлөнөт.";
4) 3 жана 4-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 5-статьянын 1-бөлүгүндө "2-статьясына" деген сөздөр "22-статьясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 51-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасы "I жана II топтордогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн" деген сөздөр менен толукталсын";
7) 6-статьяда:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерди жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүктөрүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 2, 22-статьяларына ылайык жүргүзүшөт.
Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2026-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкүдөй белгиленет:
а) иш берүүчүлөр үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелген 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) пенсионер кызматкерлерди жана I жана II топтогу майып кызматкерлерди, ошондой эле жана угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлер үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелген 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 4 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
в) пенсионер кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелген 4 пайыз өлчөмүндө;
I жана II топтордогу майып кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле жана угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;
ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
"5. 2027-жылдын 1-январынан тартып жалданган кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык жүргүзүшөт.
6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүктөрүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул статьянын 1-пунктуна ылайык белгиленет.";
8) 71-статья "(Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү
Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
1. Иш берүүчүдөн:
а) 2-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз.
б) 21-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз;
в) 22-статьянын 1-пунктунун "а", "б" пунктчаларына, 5-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 1 пайыз;
г) 6-статьянын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык 2027-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3,75 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз;
2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 111-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына, 22-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 51-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 21-статьянын 1-пунктунун "г" пунктчасына, 22-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык 2027-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
г) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.
3. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а1" пунктчасынын экинчи абзацына, 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 22-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасынын бешинчи абзацына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
б) 6-статьянын 3-пунктунун "в" пунктчасынын үчүнчү абзацына ылайык 2027-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 6 пайыз;
в) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.
4. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а1" пунктчасынын экинчи абзацына, 21-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына, 22-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
б) 2027-жылдын 1-январына чейин 6-статьянын 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
в) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз,
5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбанын башчыларынан жана мүчөлөрүнөн, жеке адамдардан:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.
6. Жеке ишкерден:
а) 6-статьянын 1, 21, 6-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 89,75 пайыз;
б) 7-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебине - 8,75 пайыз.
в) 7-статьянын 4-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.
7. 51-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - камсыздандыруу төгүмдөрүнөн кошуп эсептелген 2 пайыз.";
10) 11-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик менен алектенген I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 457-беренесинин 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, ошондой эле жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.";
11) 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18. Спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар.";
12) 13-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Төмөнкүлөрдө каралган кызматкерлер үчүн иш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү:
а) ушул Мыйзамдын 2-статьясында каралган кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш;
б) ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 1-пунктунда каралган кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акынын 100 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш.
Мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, алуу жана төгүү иш берүүчү тарабынан анык эсептелген эмгек акыдан жүргүзүлөт.
Ушул пункт уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар тарабынан жалданган, тизмеги Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган кенже тейлөөчү персоналга, ошондой эле төмөнкүдөй ишканаларга жана уюмдарга колдонулбайт:
- каржылоонун көлөмүнө карабастан, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;
- мамлекеттик ишканалар, уюмдар жана мекемелер;
- мамлекеттик окуу жайлары жана алар тарабынан уюштурулган, юридикалык жактын статусуна ээ болгон өз алдынча окуу түзүмдөрү жана филиалдар;
- социалдык камсыздандыруу каражаттарынан каржылануучу уюмдар;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү эмгек акы фондунан жүзөгө ашыруучу айылдык товар өндүрүүчүлөр.";
13) 141-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"141-статья. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматынын негизинде өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
Тариф ставкалары жыл сайын кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептелет.".
8-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 12 жана 13-пункттар менен толукталсын:
"12) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга, же болбосо салык салуунун бул системасынан чыгууга ниеттенген, турак жай жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу, ошондой эле атайын курулуш иштерин аткаруучу субъекттер, айыл чарба продуктуларын даярдоочулар учурдагы салыктык эсепке алуунун орду боюнча салык органына 2024-жылдын 1-августуна чейинки мезгилдин ичинде салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу чыккан салык төлөөчү деп таанылат.
13) Каттоо орду административдик-аймактык реформанын натыйжасында өзгөртүлгөн мүлккө карата учурдагы календардык жыл аяктаганга чейин салыкты эсептөө жана төлөө администрациялык-аймактык реформаны аткаруу үчүн кабыл алынган ченемдик укуктук акт күчүнө киргенге чейин мүлктү каттоо орду үчүн анын каттоо ордуна ылайык келген ставкалар боюнча жана тартипте жүзөгө ашырылат.".
9-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
711-берененин 5-бөлүгүндө "Салык кодексинин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечим кабыл алынган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берене;
2) расмий жарыяланган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 4, 5, 12-14, 17, 21 жана 22-пункттары, 5 жана 7-беренелер;
3) 2023-жылдын 6-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 1 жана 24-пункттары;
4) 2023-жылдын 9-июнунан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 18-пункту.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 2024-жылдын мезгилдерине ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 17-пунктунда жана 7-беренесинин 13-пунктунда көрсөтүлгөн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте статистика органынын маалыматтарынын негизинде өткөн жыл үчүн Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча аныкталат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 20-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |