Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 415
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагында жана Балыкчы шаарында жайгашкан Балыкчы токой чарбасынын Көк-Мойнок токойчулугунун жерлерин "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 5-декабрындагы № 01-49-5699 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 155 чечимин, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 41-П токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 33,07 га жер участогун, анын ичинде: 29,22 га (төмөнкү контурлардагы № 53 - 2,57 га токой аянты, № 62 - 2,70 га токой аянты, № 63 - 5,10 га токой аянты, № 64 - 1,10 га токой аянты, № 65 - 0,40 га жайыт, № 66 - 0,50 га башка жерлер, № 67 - 0,65 га башка жерлер, № 68 - 7,30 га жайыт, № 69 - 1,20 га жайыт, №72 - 7,70 га жайыт жерлер) жана Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан № 1003 контурундагы 3,85 га жер "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлери" категориясына этношаарча долборлоо жана маданий-тарыхый объекттерди куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).
2. Ушул токтомдун долбоорунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участоктору Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясы жана Балыкчы шаарынын мэриясы тиешелүү түрдө төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- которулган жер участокторун белгиленген тартипте муниципалдык менчикке алууну;
- айыл чарба жана токой чарба багытындагы жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасын төлөөнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- этношаарчанын ички жолдоруна селден коргоочу арыктарды жана каналдарды курууну;
- төмөнкү тирөөчтөрдү сактоону:
1) 110 кВ "Ысык-Көл - Тамга" жана "Ысык-Көл - Кажы-Сай" аба линияларынын № 4 жана № 5;
2) 35 кВ "Рыбачье 1 - Насосная" аба линияларынын № 5, 10, 11, 12, 13, 14;
3) 35 кВ "Рыбачье 1 - Керамзитная" аба линияларынын № 11, 12;
4) 10 кВ "ДОЗ" аба линияларынын № 24, 25, 26;
- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- аталган жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же жер участогу тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |