Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 414
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл аймагына 120 МВт чейинки кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 01-17/1519 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 2-январындагы № 20 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 147,7 га жер участогу, анын ичинде төмөнкү контурлардагы № 597 - 1,3 га, № 919 (4,6 га), № 920 (0,5 га), № 940 (5,4 га), № 941 (3,4 га), № 939 (7,1 га), № 938 (3,3 га), № 937 (0,8 га), № 921 (7,5 га), № 923 (10,1 га), № 917 (0,2 га), № 599 (0,3 га), № 922 (0,1 га), № 924 (1,2 га), № 934 (1,3 га), № 925 (0,8 га), № 931 (0,1 га), № 930 (0,1 га), № 932 (1,3 га), № 956 (0,5 га), № 929 (3,2 га), № 948 (1,6 га), № 949 (5,2 га), № 972 (2,6 га), № 950 (0,8 га), № 978 (1,4 га), № 951 (0,8 га), № 952 (0,4 га), № 974 (5,8 га), № 975 (31,7 га), № 982 (2,5 га), № 981 (0,4 га), № 985 (11,4 га), № 1003 (5,1 га), № 1005 (4,8 га), № 1000 (1,3 га), № 1001 (2,3 га), № 998 (5,2 га), № 999 (2,6 га), № 13 (2,2 га), № 12 (3,3 га), № 11 (3,0 га), № 1004 (0,2 га), (142,1 га - жайыт, 0,8 га - суу алдындагы жерлер, 2,1 га - жол алдындагы жерлер, 2,7 га - башка жерлер) "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына 120 МВт чейин кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- айыл чарба багытындагы жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасын төлөөнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык бул жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянттарын калыбына келтирүүнү, аз өнүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- аталган жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же жер участогу тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |