Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-июлу № 418-т
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында салтанаттуу ачылышы пландалган социалдык объекттердин курулушу боюнча оперативдүү чараларды кабыл алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартибинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкү объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну контрактты банктык коштоосуз жүзөгө ашырууга уруксат берилсин:
- Бишкек шаарынын "Ак-Бата" конушунда жалпы билим берүү мекемесин;
- Бишкек шаарынын Юлиус Фучик көчөсүндөгү дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин;
- Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспекти боюнча А.Каниметов атындагы № 1 жалпы билим берүү гимназия-интернатына кошумча спорт залын;
- Бишкек шаарынын Орок айылында мектепке чейинки билим берүү уюмун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаарынын "Ак-Бата" конушунда жалпы билим берүү мекемесинин курулушу боюнча иш-чараларды республикалык бюджеттин каражаттарынан өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте долбоорлоо жана курулуш иштерин жүзөгө ашырсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |