Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 16-июлу № 389
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 16-июлундагы № 389 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй корутундуга келет.
Сунушталган долбоордо "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
1. Долбоордун 1-беренесинин 1-пунктунун жетинчи абзацында демилгечилер Мыйзамдын 1-статьясын төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону сунуштайт: "Жөнгө салуучу мамлекеттик орган иондоштуруучу нурлануу булагы, радиоактивдүү заттар жана калдыктар менен иштөө боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялайт.".
Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 31-пунктуна ылайык радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын, ошондой эле уулуу жана радиоактивдүү заттардын өндүрүш калдыктарын ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү лицензияланууга тийиш.
Ошондуктан долбоордун 1-беренесинин 1-пунктунун жетинчи абзацын "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 31-пунктуна ылайык кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
2. Долбоордун 1-беренесинин 1-пунктунун жетинчи абзацында демилгечилер Мыйзамдын 1-статьясын төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону сунуштайт: "жөнгө салуучу мамлекеттик орган - радиациялык коопсуздукту, ядролук коопсуздукту, радиоактивдүү калдыктардын коопсуздугун жана радиоактивдүү заттарды ташуу коопсуздугун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.".
Ошону менен бирге долбоордун 1-беренесинин 4-пунктунун он сегизинчи абзацында демилгечилер экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү компетенциясына (жөнгө салуучу мамлекеттик орган) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк программаларды ж.б. иштеп чыгуу жана ишке ашыруу кирет деп көрсөтүүнү сунуштайт.
Ошентип, жөнгө салуучу мамлекеттик орган жана экология жаатында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган деп бир эле мамлекеттик орган түшүнүлөт.
Бир эле маселе боюнча ченемдик көрсөтмөлөрдүн кайталанышына жана көптүгүнө жол бербөө максатында долбоордун 1-беренесинде "жөнгө салуучу мамлекеттик орган" жана "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген терминдерди бириктирүү керек.
3. Долбоордун 1-беренесинин 4-пунктунда каралган Мыйзамдын 11-статьясынын 5-бөлүгүнүн жаңы редакциясын төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толуктоону сунуштайбыз:
"9) радиоактивдүү заттарды ташууну, сактоону, пайдаланууну жана көмүүнү контролдоо.".
4. Мыйзамдын 11-статьясынын 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун демилгечилер тарабынан сунушталган редакциясы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин компетенциясына кирген радиоактивдүү калдыктарды көмүү маселелерин карабайт, ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн ченемди төмөнкүдөй редакцияда баяндоо зарыл:
"7) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо, радиоактивдүү калдыктарды көмүү жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.".
5. Долбоордун 1-беренесинин 4-пунктунда демилгечилер Мыйзамдын 11-статьясын жаңы редакцияда баяндоону сунуштоодо.
Бирок, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылыктуу болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаңы редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат.
Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр жаңы редакцияны талап кылбагандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн ченемди эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгууну жана төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"11-статьяда:
- 1-бөлүктүн 1-пунктунда "иштеп чыгуу жана ишке ашыруу" деген сөздөр "иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүктүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо, радиоактивдүү калдыктарды көмүү жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.".
6. Долбоордун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзүнүн чечимдерин Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылган.
Бирок "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта чагылдырылууга тийиш.
7. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Жыйынтыктоочу маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.
Ушуга байланыштуу коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты негиздеме-маалымкатта чагылдырууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен долбоорду кабыл алууга болот деп эсептейт.