Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 19-июлу ПЖ № 192
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдүн 1-главасынын он үчүнчү абзацында ", Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында) башчысынын орун басары - кызматтын жетекчиси" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) (КР Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ N 264 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
(КР Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 55 (3609) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТҮЗҮМҮ
".