Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-июлу № 391
Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлүк эмгегинин натыйжалуулугун сактоо жана жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана кызыкдар министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тарабынан каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк жардамдын эсебинен каржыланат деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |