Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 40/19-8
“Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы № 234/35-7 токтому менен бекитилген “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобосу, Талас шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 13-декабрындагы №01-21/3766 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №12 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К ЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-VIII чакырылыштарынын депутаты, “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Р.Токтогуловага Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага | А. Жусупбеков |