Редакцияот 16.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-июлу № 389

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Чарбакер субъектке убактылуу акысыз пайдаланууга берилген жер участокторун натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"6-1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте чектеш аймакта жайгашкан башка чарбакер субъекттер менен ушул чарбакер субъекттердин иш процессинде түзүлгөн радиоактивдүү, уулуу жана башка калдыктарды пайдалануу, сактоо жана көмүү боюнча тиешелүү келишимдерди түзүү сунушталсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

                Төрагасы

 

А.У. Жапаров