Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 38/19-8
Дем берүүчү үлүштүк долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 14.12.2022-жылдын №01-21/3729 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 23.12.2019-жылдагы №239/35-7 сандуу токтому менен бекитилген “Дем берүүчү үлүштүк долбоорлорду тандоо комиссиясынын” курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн сектор башчысы Э.Жамакеевдин ордуна экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Алтыкееваны, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы М.Долдоев башка кызматка кеткендигине байланыштуу анын ордуна Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Д.Сыдыковду, “Элназ” коомдук уюмунун төрагасы Э.Кемелбековдун ордуна “Улуттук Кызыл-Ай ” коомдук бирикмесинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Д.Шадыбекованы, Талас ЖИА Бизнес ассоциясынын аткаруучу директору Т.Урайымжановдун ордуна Талас ЖИА бизнес ассоциясынын аткаруучу директору Б.Имаров комиссия курамына киргизилип, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А. Жусупбеков |
Тиркеме -1
Дем берүүчү үлүштүк долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамы
А.Жусупбеков-Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы
Ж.Ниязалиев-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас финансы башкармалыгынын жетекчиси
Д.Сыдыков –Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу;
Г.Алтыкеева –Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси
Б.Абдыкадыров-Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча агенттигинин Талас облусунун координатору;
Т.Уметалиев-Талас шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы;
О.Маймурунов-Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун төрагасы;
Д.Шадыбекова-“Улуттук Кызыл-Ай” коомдук бирикмесинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору;
Б.Имаров-Талас ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору.
Жооптуу катчы | А. Сариева |