Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 37/19-8
“Жаңы багыт” газетасынын кулактандыруу, жарнак, жарыя жана жарыяланган материалдарга төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту 17-пунктчасы, Талас шаарынын мэриясынын 17.11.2022-жылдын № 01-21/3432 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун №8 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы “Жаңы багыт” газетасынын редакциясынын реклама, кулактандыруу, жарнак, жарыя жана жарыяланган материалдарга төлөм баалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | А. Жусупбеков |
“БЕКИТЕМИН”
Талас шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 31. 01. № 8 токтомуна ылайык чарбалык эсепке өткөрүлгөн “Жаңы багыт” газетасынын редакциясынын реклама, кулактандыруу, жарнак, жарыя жана жарыяланган материалдарга төлөм баалары
№ | Юридикалык тараптар үчүн | Баасы | Жеке ишкерлер үчүн | Баасы | Жеке адамдар үчүн | Баасы |
1 | Куттуктоо | 650 |
| 300 |
| 150 |
2 | Сүрөтү менен куттуктоо |
800 |
|
600 |
|
250 |
3 | Кулактандыруу- 10 сүйлөмгө чейин |
120 |
|
100 |
|
80 |
4 | 20 сүйлөмдөн жогору- 30 сүйлөмгө чейин |
150 |
|
130 |
|
110 |
5 |
|
|
|
|
|
|
Газетанын беттерине төлөнө турган баалар:
1. Биринчи түстүү бет – 1 чарчы см. (1 кв.см.) = 22 сом, (22000);
2. Экинчи - үчүнчү – жетинчи (Ак – кара түстүү) беттер – 1 чарчы см. (1 кв.см.) = 12 сом, (12000);
3. Төртүнчү – бешинчи – сегизинчи түстүү беттер – 1 чарчы см. (1 кв.см.) = 15 сом,(15000).
Жарым барактары;
1. Биринчи түстү бет = 11000 сом;
2. 2-3-7- = 6000 сом;
3. 4-5-8 - түстү = 7500 сом;
Саясый рекламанын бир чарчы сантиметри – 35 сом;
Газетанын бир түстү бети = 35000 сом.
Эскертүү:
Биринчи беттеги материалга - 50% үстөк кошулат;
Газет чыгып жаткан күнү коюлган кулактандыруу, жарнактарга- 50% үстөк кошулат;
Төрт жолу катар жарык көргөн материалдарга - 5 % жеңилдик бар.
Рекламаны биринчи жолу бергендер үчүн -10 % жеңилдик бар.
Жаныбарлар, табият, ар кандай кырсыктар (өрт, бороон, сел жүргөн ж.б) жөнүндөгү кулактандыруулар акысыз жарыяланат.
Редактор | Т. Ибрагимов |