Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 36/19-8
Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү жана жаңы тариф менен иштөөнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылдын иш планынын негизинде, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү жана жаңы тариф менен иш алып баруунун жыйынтыгы “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Джаныбеков) тапшырылсын.
Төрага | А. Жусупбеков |