Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 417
Административдик имаратты куруу жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу пайдалануу жана мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 225, 231, 2334-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-статьясына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 133 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду № 1-03-07-0040-0543, аянты 770,0 кв.м жер участогундагы жалпы аянты 338,0 кв.м турак эмес жайды бузуу, бул участокко Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондду жайгаштыруу үчүн жаңы административдик имаратты долбоорлоо жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү турак эмес жайды бузууну;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондду жайгаштыруу үчүн жогоруда аталган дарек боюнча жайгашкан участокто жаны административдик имаратты долбоорлоону жана курууну;
3) жаңы административдик имараттын долбоордук-сметалык документтерин белгиленген талаптарга ылайык иштеп чыгууну.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан берилген сметалык документтерге ылайык тиешелүү турак эмес жайды бузууну, ошондой эле жаңы административдик имаратты долбоорлоону, курууну жана жабдууну атайын эсептин каражаттарынан белгиленген тартипте каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү турак эмес жайды бузууну, ошондой эле жаңы административдик имаратты долбоорлоону, курууну жана жабдууну тең каржылоо үчүн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынан кайтарымдуулук негизде бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
1) техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин белгиленген талаптарынын сакталышын көзөмөлдөсүн жана контролдосун;
2) долбоорлоо, куруу үчүн архитектуралык-шаар куруу жана уруксат берүү документтерин алууга жана курулушу аяктаган объектке экспертиза жүргүзүүгө жана эксплуатацияга кабыл алууга көмөк көрсөтсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |