Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 17-июлу ПТ № 149
1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү, эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө КЕЛИШИМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы, мамлекеттик эгемендиктин, тең укуктуулуктун жана өз ара сый-урматтын принциптерине негизденүү менен, кылмыш-жаза укуктук чөйрөдө эл аралык кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө жөндөм түзүү ниетинде, соттолгон адамдар алар жараны болгон мамлекетте жаза өтөөсү жазаны аткаруу максаттарын кыйла натыйжалуу ишке ашырууга, укук бузуучулардын коомдогу адаттагыдай жашоосуна кайтышына өбөлгө түзөрүн эске алуу менен, гуманизмдин жана адам укуктарын урматтоо принциптерин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Келишимдин максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөндөгү терминдер билдирет:
a) "Өкүм чыгарган Тарап" - жазаны андан ары өтөө үчүн өткөрүлүп берилиши мүмкүн болгон же өткөрүлүп берилген адамга карата соттун өкүмү чыгарылган Тарап;
b) "Өкүмдү аткаруучу Тарап" - жазаны андан ары өтөө үчүн соттолгон адам өткөрүлүп берилиши мүмкүн болгон же өткөрүп берилген Тарап;
c) "соттолгон адам" - кылмыш жасагандыгы үчүн Тараптардын биринин соту тарабынан эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон адам;
d) "мыйзамдуу өкүл" - ар бир Тараптын улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте мыйзамдуу өкүл деп таанылган адам;
e) "жакын туугандар" - ар бир Тараптын мыйзамдарына ылайык жакын туугандар деп таанылган адамдар;
f) "компетенттүү органдар" - соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди аткаруучу Тараптардын органдары.
2-берене. Кызматташуунун жалпы принциптери
1. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык Тараптар соттолгон адамдарды өткөрүп берүү маселелеринде максималдуу даражада кызматташууга милдеттенет.
2. Тараптар бири-биринин суроо-талабы боюнча ушул Келишимдин талаптарына ылайык өкүм чыгарган Тараптын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан жана экинчи Тараптын жарандыгы бар соттолгон адамдарды өкүмдү аткаруучу Тарапка жазаны өтөө үчүн өткөрүп бере алат.
3-берене. Борбордук органдар
1. Ушул Келишимдин максаттары үчүн Тараптар аныктаган борбордук органдар түздөн-түз, анын ичинде электрондук байланыш каражаттары же факс аркылуу өз ара аракеттенет.
2. Борбордук органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасы үчүн - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
Өзбекстан Республикасы үчүн - Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасы.
3. Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу борбордук органдарга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу же алардын функцияларын башка органдарга өткөрүп берүү жөнүндө экинчи Тарапка маалымдайт.
4-берене. Соттолгон адамды өткөрүп берүү үчүн негиз
Соттолгон адамды ал жараны болуп саналган Тарапка өткөрүп берүү жол-жобосун баштоо үчүн негиз болуп ошол адам, жакын тууганы же анын мыйзамдуу өкүлү Тараптардын биринин борбордук органына жиберген арызы саналат.
5-берене. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптар, жооптор жана зарыл документтер
1. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптар жана ага жооптор жазуу жүзүндө түзүлөт жана Тараптардын борбордук органдары тарабынан жөнөтүлөт.
Суроо-талапта соттолгон адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), туулган датасы жана жери), адам соттолгон кылмыш-жаза мыйзамынын беренесинин аталышы жана соттолгон адамдын жарандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү камтылат.
2. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптар жана ага жооптор, ошондой эле аларга тиркелген документтер кол тамга менен ырасталууга жана гербдүү мөөр менен бекитилүүгө тийиш.
3. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап ар бир Тарап тарабынан жасалышы мүмкүн. Суроо-талап алган Тарап суроо-талап берген Тарапка өзүнүн чечими жөнүндө ыкчам билдирүүгө тийиш.
4. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап бир Тараптан келип түшкөн учурда жана экинчи Тарап андан баш тартпаса, өкүм чыгарган Тарап өкүмдү аткаруучу Тарапка төмөнкүдөй документтерди жана маалыматтарды берет:
a) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин көчүрмөсү, анын ичинде ал негиз болгон мыйзамдын тиешелүү жоболору;
b) жазанын түрүн жана мөөнөтүн, ошондой эле аны эсептөө күнүн көрсөткөн маалыматтар;
c) сотко чейинки кармоонун мөөнөттөрүн кошкондо, жазанын өтөлгөн жана өтөлүүгө тийиш болгон бөлүктөрүнүн мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар, соттун өкүмүн өзгөртүү тууралуу маалыматтар жана соттун өкүмүн аткаруу үчүн мааниге ээ болгон башка маалыматтар;
d) ушул Келишимдин 7-беренесинин 1-пунктунун с) пунктчасында каралган соттолгон адамдын, жакын тууганынын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу;
e) соттолгон адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду, анын ичинде анын дарылануусу жөнүндө маалыматтар жана өкүмдү аткаруучу Тарапта аны андан ары дарылоо боюнча сунуштар;
f) соттолгон адамдын жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат;
g) соттун өкүмү жана башка аткаруу документтери боюнча келтирилген зыян жана анын ордун толтуруу жөнүндө маалыматтар;
h) кошумча жазанын аткарылышын ырастоочу документ, эгерде ал дайындалган болсо.
5. Өкүмдү аткаруучу Тарап өкүм чыгарган Тарапка төмөнкү документтерди берет:
а) соттолгон адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), туулган датасы жана жери);
b) соттолгон адамдын жарандыгын ырастоочу документ;
c) өкүм чыгарган Тарапта соттун өкүмү чыгарылган жосун өкүмдү аткаруучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык кылмыш болуп санала тургандыгын караган өкүмдү аткаруучу Тараптын тиешелүү улуттук мыйзамдарынан көчүрмө;
d) өкүмдү аткаруучу Тараптын улуттук мыйзамдары боюнча өкүм чыгарган Тарап чыгарган соттун өкүмүн аткаруу тартиби жөнүндө маалымат.
6. Зарыл болгон учурда Тараптардын борбордук органдары кошумча документтерди же маалыматтарды талап кыла алат.
7. Ушул Макулдашууну аткарууда Тараптар орус тилин колдонушат. Тараптардын расмий тилдеринде аткарылган документтерге орус тилинде күбөлөндүрүлгөн котормолору тиркелет.
6-берене. Соттолгон адамдын макулдугу жана анын ырасталышы
1. Өкүм чыгарган Тарап соттолгон адам же анын жакын тууганы же мыйзамдуу өкүлү өткөрүп берүүнүн укуктук кесепеттерин толук түшүнүү менен ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүүгө макулдук берүүсүнө. өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө арызында муну тастыктап жаткандыгына кепилдик берүүгө тийиш.
2. Өкүм чыгарган Тарап өкүмдү аткаруучу Тараптын суроо-талабы боюнча өкүмдү аткаруучу Тарапка ыйгарым укуктуу адам аркылуу соттолгон адам ушул берененин 1-пунктунун талаптарына ылайык өткөрүп берүүгө өзүнүн макулдугун билдирип жаткандыгына ынанууга мүмкүндүк берүүгө тийиш.
3. Соттолгон адам өзүн өткөрүп берүү жөнүндө арызды билген тилинде бере алат.
7-берене. Соттолгон адамды өткөрүп берүүнүн шарттары
1. Соттолгон адам ушул Келишимге ылайык өткөрүп берилет, эгерде:
a) соттолгон адам өкүмдү аткаруучу Тараптын жараны болуп саналса;
b) адамды эркиндигинен ажыратуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;
c) соттолгон адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу болсо же эгерде соттолгон адам жаш курагына, дене-бой жана (же) психикалык абалына байланыштуу өз эркин билдире албаган учурда, анын жакын тууганынын же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу болсо;
d) Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык адам эркиндигинен ажыратууга жазалануучу кылмыштар үчүн соттолгон болсо;
e) соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө арыз же суроо-талап келип түшкөн учурда эркиндигинен ажыратуунун өтөөгө тийиш болгон мөөнөтү алты (6) айдан кем эмес болсо;
f) өкүм чыгарган Тарапта соттолгон адамга карата тергөө, соттук териштирүү же башка процессуалдык аракеттер жүргүзүлбөсө;
g) Тараптар соттолгон адамды өткөрүп берүүгө макул болушса.
2. Өзгөчө учурларда, эгерде соттолгон адам өтөй турган мөөнөт ушул берененин 1-пунктунун е) пунктчасында көрсөтүлгөн мөөнөттөн аз болсо да Тараптар өткөрүп берүүгө макул болууга укуктуу.
8-берене. Соттолгон адамды өткөрүп берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
Соттолгон адамды өткөрүп берүү жүргүзүлбөйт, эгерде:
a) ушул Келишимдин 7-беренесинин 1-пунктунда саналып өткөн талаптар сакталбаса;
b) Тараптардын бири соттолгон адамды өткөрүп берүү анын эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартипке же башка олуттуу улуттук кызыкчылыктарга зыян келтириши мүмкүн же анын улуттук мыйзамдарына каршы келет деп чечсе;
c) соттолгон адам кандайдыр бир финансылык милдеттенмелерин аткарбаса, анын ичинде кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурбаса;
d) суроо-талап берген Тарап ушул Келишимдин 5-беренесинин талаптарын тийиштүү түрдө аткарбаса.
9-берене. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча чечим
1. Тараптар ушул Келишимге жана өзүлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Кабыл алынган чечим жөнүндө суроо-талап берген Тараптын борбордук органына же соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө арыз берген адамга жазуу жүзүндө билдирилет.
3. Соттолгон адамды өткөрүп берүүдөн баш тарткан учурда мындай чечим жүйөлүү болууга тийиш.
10-берене. Жеке маалыматтарды коргоо
Ар бир Тарап ушул Келишимди ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган жеке маалыматтардын корголушуна кепилдик берет жана экинчи Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз аны үчүнчү мамлекетке бере албайт.
11-берене. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жол-жобосу
1. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап канааттандырылган учурда Тараптардын компетенттүү органдары соттолгонду өткөрүп берүүнүн убактысы жана шарттары жөнүндө өз ара макулдашат.
2. Өткөрүп берүү жол-жобосу соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө Тараптардын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү кол койгон документти эки нускада түзүүнү камтыйт.
3. Соттолгон адамды өткөрүп берүү жол-жобосу "Достук" - "Дустлик" өткөрүү пункту аркылуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жүзөгө ашырылат.
4. Өткөрүү пункту өзгөргөн учурда Тараптар бул жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча кабарлайт.
12-берене. Сот өкүмүн аткарууну улантуу
1. Өкүмдү аткаруучу Тарап соттолгон адамдын абалын начарлатпастан, өзүнүн улуттук мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өкүм чыгарган Тараптын сот өкүмүн толук көлөмдө аткарууну улантууну камсыз кылууга милдеттүү.
2. Өкүмдү аткаруучу Тараптын соту өкүм чыгарган Тараптын сотунун өкүмү боюнча дайындалган дал ошондой мөөнөттө өз Тарабынын улуттук мыйзамдары боюнча эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн аныктап, чечим кабыл алат.
3. Эгерде жасалган кылмыш үчүн өкүмдү аткаруучу Тараптын улуттук мыйзамдары боюнча эркиндигинен ажыратуунун чектик мөөнөтү өкүм чыгарган Тараптын сотунун өкүмү боюнча дайындалгандан аз болсо, өкүмдү аткаруучу Тараптын соту ошондой эле кылмышты жасагандыгы үчүн анын улуттук мыйзамдарында каралган эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтүн аныктайт.
4. Соттолгон адам өкүм чыгарган Тараптын аймагында өтөгөн жазанын бир бөлүгү өкүмдү аткаруучу Тарапта жазаны өтөөнүн жалпы мөөнөтүнө эсептелет.
5. Эгерде өкүм чыгарган Тараптын сотунун өкүмү эки же андан көп жосунга тиешелүү болуп, алардын бирөө же бир нечеси өкүмдү аткаруучу Тарапта кылмыш катары таанылбаса, бул Тараптын соту кылмыш болуп саналган жосунга жазанын кайсы бөлүгү колдонула тургандыгын аныктайт.
6. Кошумча жазаны аткаруу жөнүндө чечим өкүмдү аткаруучу Тараптын соту тарабынан өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алынат, эгерде жасалган жосун үчүн мындай жаза ошол Тараптын улуттук мыйзамдарында каралса.
13-берене. Ырайым кылуу, мунапыс берүү, жазаны жеңилдетүү жана жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу
Тараптардын ар бири өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык өткөрүп берилген соттолгон адамга карата ырайым кылуу, мунапыс берүү актысын колдонууга же ага дайындалган жазаны жеңилдетүүгө же болбосо бул жөнүндө экинчи Тарапка токтоосуз билдирүү менен аны жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
14-берене. Юрисдикцияны сактоо
1. Өкүм чыгарган Тарап гана өз соту чыгарган чечимди өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укуктуу.
2. Өкүмдү аткаруучу Тарап өкүм чыгарган Тараптан өзгөртүлгөн же жокко чыгарылган чечимди алган учурда өкүмдүн аткарылышын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга тийиш.
15-берене. Соттолгон адамды өткөрүп берүүнүн укуктук кесепеттери
1. Соттолгон адамды өткөрүп берүү өкүм чыгарган Тарапта өкүмдүн аткарылышын токтотууну болжолдойт.
2. Жазаны өтөө үчүн өткөрүп берилген соттолгон адамга карата өкүмдү аткаруучу Тарапта ошондой эле кылмыш жасагандыгы үчүн ошол Тараптын аймагында соттолгон адамдарга карата колдонулгандай эле соттоонун укуктук кесепеттери келип чыгат.
3. Өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берилген соттолгон адам ошол эле жосун үчүн өкүмдү аткаруучу Тараптын аймагында кайрадан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.
16-берене. Өкүмдүн аткарылышы жөнүндө маалымдоо
Өкүмдү аткаруучу Тарап өкүм чыгарган Тарапка соттун өкүмүн аткаруу жөнүндө маалымдоого тийиш, эгерде:
a) соттун өкүмүн аткаруу аяктаса;
b) соттолгон адам камактан качып кетсе же жаза өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин каза болсо;
c) өкүм чыгарган Тарап бул тууралуу маалымат сураса.
17-берене. Маалымат берүү боюнча милдеттенме
1. Ар бир Тарап ушул Келишим колдонулушу мүмкүн болгон соттолгон адамдарга анын бар экендиги жана мазмуну жөнүндө маалымдайт.
2. Өткөрүп берүү жөнүндө кайрылууну кароого байланыштуу Тараптардын ар бири кабыл алган акыркы чечим жөнүндө соттолгон адамга же анын мыйзамдуу өкүлүнө жазуу жүзүндө маалымдайт.
18-берене. Транзиттик ташуу
1. Ар бир Тарап транзиттик ташуу жөнүндө тиешелүү суроо-талап бар болсо, экинчи Тарапка үчүнчү мамлекет тарабынан берилген соттолгон адамды өзүнүн аймагы боюнча транзиттик ташууга уруксат берүүгө укуктуу.
Мында транзит Тарабы өз аймагында соттолгон адамды кабыл алууну, камакта кармоону камсыз кылат.
2. Транзит Тарабы транзиттик ташуудан баш тартууга укуктуу, эгерде:
a) соттолгон адам анын жараны болуп саналса;
b) жасагандыгы үчүн жаза берилген кылмыш анын улуттук мыйзамдарына ылайык мындай кылмыш болуп саналбаса.
3. Транзиттик ташуу жөнүндө суроо-талапта ушул Келишимдин 5-беренесинин 5-пунктунун а), b), с) пунктчаларында каралган документтерди тиркөө менен, ушул Келишимдин 5-беренесинин 4-пунктунун а), b), е) жана f) пунктчаларында каралган маалыматтар камтылат.
4. Эгер аба аркылуу ташуу ыкмасы колдонулса жана транзиттик Тараптын аймагына конуу каралбаса, транзиттик ташууга уруксат талап кылынбайт.
5. Аба кемеси пландалбастан конгон учурда транзиттик Тарап соттолгонду коштоп жүргөн экинчи Тараптын өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча транзиттик ташуу жөнүндө суроо-талапты алганга чейин 72 сааттын ичинде бул адамды камакта кармай алат.
6. Эгер транзиттик ташуу жөнүндө суроо-талап ушул берененин 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө алынбаса жана Тараптар башкача макулдашууга келбесе, адам бошотулууга тийиш.
19-берене. Чыгымдар
1. Ушул Келишимди аткарууга байланышкан чыгымдарды Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана ушул Келишимге ылайык төлөйт.
2. Өкүмдү аткаруучу Тарап:
a) өкүм чыгарган Тараптын аймагында гана төлөгөн чыгымдардан тышкары, соттолгонду ташууга байланышкан чыгымдарды;
b) өткөрүп бергенден кийин өкүмдү аткарууну улантууга байланышкан чыгымдарды төлөйт.
3. Соттолгонду транзиттик ташууга байланышкан чыгымдарды мындай ташуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган Тарап төлөйт.
20-берене. Документтердин жарактуулугу
Ушул Келишимдин максаттары үчүн бир Тараптын борбордук органы тарабынан жиберилген, кол тамга жана гербдүү мөөр менен бекитилген бардык документтер экинчи Тараптын аймагында кандайдыр бир атайын күбөлөндүрүүсүз пайдаланылууга тийиш.
21-берене. Мыйзамсыз соттогондугу үчүн жоопкерчилик
1. Адамды мыйзамсыз соттогондугу үчүн жоопкерчиликти өкүм чыгарган Тарап тартат.
2. Өкүм чыгарган Тарап мыйзамсыз соттоо менен келтирилген зыяндын ордун толтурат.
22-берене. Колдонуу убактысы
Ушул Келишим ал күчүнө киргенге чейин да, андан кийин да чыгарылган өкүмдөрдү аткаруу үчүн колдонулат.
23-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Келишимди чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын борбордук органдарынын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
24-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана өзүнчө протокол менен таризделет.
25-берене. Ушул келишимдин башка эл аралык келишимдер менен катышы
Ушул Келишимдин жоболору Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
26-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Келишим ратификацияланууга тийиш жана Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу аны ратификациялоо жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган датадан тартып үч (3) ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо менен каалаган учурда ушул Келишимди колдонууну токтотууга укуктуу. Ушул Келишимди колдонуу Тараптардын бири экинчи Тараптан анын колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган датадан тартып алты (6) ай өткөндөн кийин токтотулат.
3. Ушул Келишимди колдонууну токтотуу аны колдонуу токтотулган датага чейин алынган соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптардын аткарылышын аяктоого тоскоолдук кылбайт.
Жогоруда баяндалгандарды күбөлөндүрүү менен, тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор тарабынан ушул Келишимге кол коюлду.
202___-жылдын "___"_____________ ______________________ шаарында ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Келишимдин тексттеринин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Өзбекстан Республикасы үчүн |
___________________________ |
| ___________________________ |