Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 8-июлу № 113
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 7-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) арыз - кагаз же электрондук түрдө таризделген, адамдын кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоо жөнүндө өтүнүчүн камтыган кайрылуу.";
2) 5-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арыздар жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жарандык абалдын актыларын каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз арызда көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каралат.";
в) 6-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо арыздын, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу келип түшкөн арыздын негизинде жүргүзүлөт.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) үй-бүлөлүк абалы өзгөргөндө - Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору үчүн.";
4) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк
1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу, кагаз жана/же электрондук түрдө берилүүчү документ болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу алынган санариптик форматтагы жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр колдонулат.
2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Мурда идентификациялык жеке номерлери болбогон адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу жазууларды жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кошпогондо, жарандык абалдын актыларын жазуулардын бардык түрлөрүндө жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдө идентификациялык жеке номерлер көрсөтүлөт.";
5) 13-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 4-пунктта "белгиленген үлгүдөгү" деген сөздөр алып салынсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктүн 1, 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн документтер электрондук түрдө берилиши мүмкүн.";
б) 15-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунда баланын иш жүзүндө туулган жери медициналык, анын ичинен электрондук түрдөгү документтин негизинде көрсөтүлөт.";
7) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Баланын туулгандыгы тууралуу актысынын жазуусуна ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүү
1. Баланын туулгандыгы тууралуу актыдагы жазуусуна өз ара никеде турган атасы жана энеси никелешүү тууралуу күбөлүктүн жана алардын инсандыгын ырастоочу документтердин негизинде ата-энеси болуп жазылат.
2. Эгерде баланын ата-энеси өз ара никеде турбаса, баланын туулгандыгы тууралуу актынын жазуусуна энеси жөнүндө маалыматтар анын инсандыгын ырастоочу документтин негизинде, ал жок болгон учурда - энеси жөнүндө туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктө же соттун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде киргизилет.
Мындай учурда баланын атасы жөнүндө маалыматтар киргизилет:
- аталыгы аныкталганда, никеде турбаган атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;
- энеси өлгөн, аракетке жөндөмсүз деп таанылган, анын жүргөн жери жөнүндө маалыматтар жок болгон же ал энелик укуктарынан ажыратылган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен атасынын арызы боюнча;
- аталыгы аныкталбаган учурда, энесинин арызы боюнча;
- соттун чечими боюнча.";
8) 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Никеге туруу жөнүндө арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу да берүүгө болот.";
9) 32-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-берене. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн негиздер
Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кагаз же электрондук түрдө берилген өлгөндүгү тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
2) өлгөндүгүнүн фактысын белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.";
10) 33-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 52 (3605) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |