Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 384
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүн коргоону күчөтүү жана жаратылышты пайдаланууда белгиленген тартипти сактоо үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммасын пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана мумие камтыган минералдык сырьего келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасында:
- 4-пункттун "Эреже бузуулардын түрү" графасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- сагыз - чайыр, чийкисинин 100 гр үчүн;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"
7 | Чайырдуу өсүмдүктөрдү мыйзамсыз даярдоо жана жок кылуу үчүн, бир өсүмдүк үчүн | 630 |
";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн өндүрүүнүн өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларда:
- 1-параграфта:
1-пункттагы "1500000" деген цифралар "2000000" деген цифраларга алмаштырылсын;
2-пункттагы "1000000" деген цифралар "1500000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 2-параграфта:
2-пункттагы "100000" деген цифралар "300000" деген цифраларга алмаштырылсын;
3-пункттагы "50000" деген цифралар "100000" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммаларын пайдалануу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана келтирилген зыян үчүн каражаттарды алуу жана Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьердик фактыларын аныктаган адамдарды (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөр) сыйлоо маселелерин жөнгө салат.
2-глава. Өндүрүлгөн доолор боюнча топтоо эсебин түзүүнүн тартиби
2. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн доолорду төлөөдөн түшкөн каражаттар айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын топтоо эсебине жайгаштыруу менен республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш.
3. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүүлөрдөн түшкөн акча каражаттарынын суммалары боюнча салыштыруу актысын түзөт.
4. Топтоо эсебине түшкөн доолордун суммасынан 50 пайыз өлчөмүндөгү каражат (салыштыруу актысынын негизинде) отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьердик фактыларын аныктаган адамдарга (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөр) акчалай сыйлык төлөө үчүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине которулат.
5. Каражаттарды чыгымдоо чыгымдардын бекитилген сметасына жана иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каражаттарды тескөөчү жана максаттуу пайдалануу үчүн жооптуу жак болуп саналат.
3-глава. Доолорду алуу жана сый акы каражаттарын төлөө тартиби
7. Мамлекеттик инспекторлор (айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери) тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьерлик фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык алар боюнча протоколдор түзүлөт.
8. Доолордун суммаларын ыктыярдуу төлөөдө жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө квитанциялар Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьерлик табылган жерлердин аймактык жайгашуусуна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук башкармалыктарына берилет. Доо суммаларын ыктыярдуу төлөөдөн баш тарткан учурда түзүлгөн протоколдор боюнча иштер белгиленген тартипте укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.
9. Жарандар жана коомдук инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жана браконьерлик фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык алар боюнча актылар түзүлөт.
10. Түзүлгөн протоколдор жана актылар аларды түзүүчүлөргө конкреттүү иштер (протоколдор жана актылар) боюнча келип түшкөн доолордун суммасынан (ыктыярдуу негизде же сот тартибинде) 50 пайыз өлчөмүндө акчалай сыйлык төлөө үчүн негиз болуп саналат.
11. Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулар жана браконьерлик фактыларын аныктаган адамдарга (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөргө) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн топтоо эсебине түшкөн доолордун өндүрүлгөн суммаларынан 50 пайыз акчалай сыйлык төлөнөт. Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын жана браконьерликтин аныкталган фактылары боюнча кол коюлган протоколдордун жана актылардын негизинде айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын региондук башкармалыктары тийиштүү протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөрдүн жеке банктык эсептерине которуу жолу менен сый акы каражаттарын төлөйт.
12. Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулар жана браконьерлик фактыларын аныктаган адамдарга (протоколдорду жана актыларды түзүүчүлөргө) акчалай сыйлык төлөө боюнча бардык жол-жоболор белгиленген отчеттор берилгенден кийин жүргүзүлөт.