Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 24-июлу № 126
Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издеген жарандары катары каттоо жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын ишке ашыруу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издөөчү жарандары катары каттоо жана иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча активдүү чараларды ишке ашыруу боюнча Усулдук көрсөтмөлөрү тиешелүү тиркемелер менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасында агенттерди тартуунун жана алардын ишинин тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жарандарды жумуш издегендер, расмий жумушсуздар катары каттоо жана ишке ашыруу, активдүү чаралары боюнча Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө 2016-жылдын 1-августундагы № 98 тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек рыногунда активдүү чараларды ишке ашыруу жөнүндө” 2021-жылдын 5-мартындагы № 14 буйругу.
4. Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгына:
1) Бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-февралы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” № 117 токтомуна ылайык расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктардын башчыларына (мындан ары – аймактык башкармалыктар):
- Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издеген жарандары катары каттоодо жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын ишке ашырууда тиркелген усулдук сунуштамаларды аткарууга кабыл алсын жана нускама катары пайдалансын;
- аймактык башкармалыктардын Жоболоруна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
6. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулуна жүктөлсүн.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2024-жылдын 24-июлунда https://mlsp.gov.kg/ Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтында жарыяланды
Министр | Ж.А. Полотова |