Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 33/19-8
Талас шаардык “Таза-Суу ” муниципалдык ишканасынын жалпы ишмердүүлүгү жана “Таза-суу жана саркынды суу түйүндөрүн оңдоо” боюнча долбоордун II фазасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылдын иш планынын негизинде “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын № 5 протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (Э.Камчыбеков) 2022-жылга карата жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаарынын “Таза-суу жана саркынды суу түйүндөрүн оңдоо” боюнча долбоордун II фазасы жөнүндө иш аракеттери “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Аталган муниципалдык ишканасы (Э.Камчыбеков) Талас шаарында таза суу жана саркынды суу түтүктөрүн кошууда курулуш нормаларын сактоо жана техникалык, санитардык шарттарын түшүндүрүү багытында элге маалыматтарды жеткирүү жана кошулган түйүндөрдү баланска алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Джаныбеков) тапшырылсын.
Төрага | А. Жусупбеков |