Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 43/19-8
Талас шаардык маданият жана туризм бөлүмүнүн жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2022-жылга карата иш планынын негизинде, “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын № 6 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык маданият жана туризм бөлүмүнүн (Б.Абдыкадыров) жалпы ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Тургунбеков) тапшырылсын.
Төрага | А. Жусупбеков |