Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 48/19-8
Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттен 2111, 2121 беренелеринен үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен кызматкерлердин он үчүнчү айлык маянасын берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 26.12.2022-жылдагы №01-21/3925 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттен 2111, 2121 беренелеринен үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен 2111 беренесине 818 100 сом, 2121 беренесине 141 000 сом акча каражаты кызматкерлердин он үчүнчү айлык маянасына бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | А. Жусупбеков |