Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин
2024 - жылдын 24-июлундагы
№126 буйругу менен бекитилген)
Кыргыз Республикасында агенттерди тартуунун жана алардын ишинин тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип менен Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында алыскы калктуу конуштарда калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча аймактык башкармалыктарынын (мындан ары-АБ) жумушсуз калкын тейлөөнүн бирдиктүү тартиби жана формалары аныкталат.
2. Алыскы аймактарда жумушсуз калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБтын кызматтары менен камсыз кылуу максатында жумушсуз жана жумуш издеген жарандардын арасынан агенттер дайындалат.
3. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан калк жашаган пункттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
4. Мында төмөнкү факторлор эске алынат:
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБдан алыстыгы;
- жол кире акысы;
- калктын саны;
- жумушсуздуктун деңгээли.
2. Агентти дайындоо
5. Иш менен камсыз кылуу боюнча АБтын агент кызматына акы төлөнүүчү коомдук жумуштары аркылуу жумушсуз/жумуш издеген жарандар кабыл алынат.
6. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү АБ, агент кызматына төмөнкүдөй адамды тандайт:
- кыска мөөнөттүн ичинде бардык зарыл болгон жол-жоболорду үйрөнө ала турган;
- тейлеген аймакты жакшы билген.
7. Агент иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБтынжетекчилигине баш ийет жана өз иши жөнүндө отчет берет.
8. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБ милдеттүү:
- агентти бардык зарыл жол-жоболорго үйрөтүүгө;
- жумуш орду жана иш үчүн зарыл болгон документтер, маалымат жана техникалык каражаттары мененкамсыз кылууга.
9. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБтын жетекчиси агент менен толук материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишим түзөт
3. Агенттин ролу жана милдеттери
10. Агенттин негизги милдети - алыскы аймактарда жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБларга көмөк көрсөтүү.
11 Агент иш менен камсыз кылугакөмөктөшүү боюнча АБтын атынан иш алып барат.
12. Агент милдеттүү:
- иш менен камсыз кылуу маселелери менен кайрылган жарандардын эсебин жүргүзүүгө;
- жумушсуз/жумуш издеген жарандарга ылайыктуу жумушту тандоодо, ал эми иш берүүчүлөргө зарыл жумушчуларды тандоодо көмөк көрсөтүүгө;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды, стипендияларды алуу үчүн каттоо формасын толтуруунун тууралыгын түшүндүрүүгө;
- белгиленген үлгүдөгү бланктарды берүүгө;
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБларга бардык зарыл маалыматтарды жана отчетту берүүгө:
а) аталган аймактагы эмгек рыногунда болуп жаткан окуялар жөнүндө;
б) пландаштырылган сезондук жумуштар жөнүндө;
в) эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер жөнүндө.
13. Агент, жумушусуз/жумуш издеген жарандар тарабынан алынган маалыматтын купуялуулуган сактоого милдеттүү.
14. Агент, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБгы тарабынан берилген бардык документердин жана техникалык каражаттардын сакталышына жооптуу.
4. Жумушсуз/жумуш издөөчү жарандарды агент тарабынан каттоо
15. Жумушсуз/жумуш издөөчү жарандарды агент тарабынан каттооКыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамына ылайык жүргүзүлүшү керек.
16. Жумушсуз/жумуш издөөчү жарандарды каттоодо агент төмөнкүлөргө милдеттүү:
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана жумушсуз/жумуш издөөчү жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын аныктоо;
- жумушсуз/жумуш издөөчү жарандардын укугу жана милдеттери жөнүндө маалымат берүү;
- оригиналдуу документтер менен анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтарды текшерип, жумуш издөөчүнүн картасын толтуруу;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды, стипендияларды алуу үчүн каттоо формасын берүү, аны кантип толтуруу керектигин түшүндүрүү жана форманыкайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтүн көрсөтүү;
- жумушсуз/жумуш издөөчү жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнчаАБ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымдоо.
17. Агент, толтурулган оригиналдуу жумуш издөөчүлөрдүн карталарын жана каттоо формаларын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнчаАБга жөнөтөт, жумушсуз/ жумуш издөөчү жарандардын карталарынын көчүрмөлөрү агентте калат.
5. Жумушсуз/жумуш издөөчү жарандарды тейлөө
18. Агент “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык иш жүргүзөт.
19. Эгерде жумушсуз/жумуш издөөчү адам кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан өтүү же акы төлөнүүчү ишке катышуу каалоосун билдирсе, ал тиешелүү документтерди даярдоо үчүн иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБка жиберилет. Бул учурда агент иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБ менен макулдашуу боюнча жумуш издөөчүнүн картасына жана анын дубликатына тиешелүү жазууларды киргизет.
6. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду жана стипендияларды төлөөдө агенттин ролу
20. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды жана стипендияларды алуу үчүн расмий жумушсуздук каттоо формасы кайтып келгенде, агент төмөнкүлөрдү текшерүү керек:
- каттоо формасында бардык суроолорго жооп берилгенби;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды жана стипендияларды алуу үчүн каттоо формасында көрсөтүлгөн маалыматтар туурабы;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды же стипендияларды алуу үчүн каттоо формасынын кайтарылган күнүн;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун же стипендиянын каттоо формасына кол коюуну;
- “жумуш издөө жөнүндө маалымат” бланкын берүүнү;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды жана стипендияларды алуу үчүн каттоо формасын жөлөкпулдардын жана стипендиялардын өлчөмүн аныктоо үчүн иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБка жөнөтүүнү.
21. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды алуу укугу, анын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБ тарабынан аныкталат.
22. Агент жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды, стипендияларды жана жумуш издөө жөнүндө маалыматтарды каттоо формаларын чыгаруу жана туура толтуруу жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө таасир этүүчү бардык факторлор жөнүндө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБка өз убагында маалымдоо үчүн жооптуу.
23. Жумушсуз/жумуш издөөчү жаранга “жумуш издөө жөнүндөмаалыматынын” биринчи формасын бергенде агент төмөнкүлөргө милдеттүү:
- “жумуш издөө жөнүндө маалымат” формасынын биринчи барагын толтурууга;
- форманын мазмунун түшүндүрүүгө, жумушсуз/жумуш издөөчү жаранга бланктын толтурулууга тийиш болгон бөлүгүн көрсөтүүгө жана аны өз убагында кайтарып берүү керектигин эскертүүгө;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулун алуу учурунда расмий жумушсуздун укугун жана милдеттерин түшүндүрүүгө.
24. Жумушсуз жарандарга “Жумуш издөө жөнүндө маалымат” формасында жумуш издөө жөнүндө бир белги коюлат.
25 Агент “Жумуш издөө жөнүндө маалымат” мурунку формасыналгандан кийин кийинки формасын берет. Агент расмий жумушсуз жаранга жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу мезгилиндеги укуктарын жана милдеттерин форма берилген сайын эскертип турууга тийиш. Бардык кабыл алынган жана текшерилген жумуш издөө жөнүндө маалымат агент тарабынан кол коюлуп, текшерүү жана иштеп чыгуу үчүн иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБка жөнөтүлүшү керек.
26. Эгерде расмий жумушсуз адамга жумушсуздук боюнча жөлөкпул берүүдөн баш тартылган учурда, агент ага баш тартуунун себебин жана бул чечимге даттануу мүмкүнчүлүгүн түшүндүрүүгө милдеттүү.
27. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар төмөнкүдөй төлөнөт:
- эгерде алыскы калктуу конушта банктын филиалы бар болсо, анда иш менен камсыз кылуу боюнча АБ филиалдын өздүк эсебине (картасына) каражаттын керектүү суммасын которот. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө жумушсуздардын келип түшкөн ведомосттору боюнча же алардын өздүк эсебине ылайык жүргүзүлөт;
- эгерде алыскы калктуу конушта банктын филиалы жок болсо, анда жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө ведомость менен “Кыргызпочтасы” МИ аркылуу жүргүзүлөт.
7. Иш берүүчүнү агент тарабынан тейлөө
28. Агент жергиликтүү эмгек рыногундагы кырдаалды билүүгө жана жумуш берүүчүгө жумушчу күчү, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдоого тийиш.
29. Агент тейлеген аймактагы иш берүүчүлөрдөн бош орундарды өз алдынча аныктоого, ошондой эле иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБдан бош орундар жөнүндө билдирүүлөрдү алууга милдеттүү.
30. Бош орундар жөнүндө бардык маалыматтар бош орундар картасына киргизилет, анын көчүрмөсү агент тарабынан иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБка берилиши керек.
31. Бош орундар агент тарабынан үзгүлтүксүз каралышы керек:
- алар жарактуу экенин билүү;
- жолдомолордун натыйжаларын жана иш берүүчүнүн жумушсуз/ жумуш издөөчү жаранды жумушка алуудан баш тартуусунун себептерин баалоо;
- бош орундарды толтуруудагы кыйынчылыктар жөнүндө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБка билдирүү үчүн.
32. Агент бош орундар жөнүндө маалыматты маалыматтар тактасына жайгаштырат.
9. Жумушсуз/жумуш издөөчү жарандарды агент тарабынан иштөөгө жөнөтүү
33. Жумушсуз/жумуш издөөчү жарандарды жумушка жөнөтүү үчүн агент, бош орун дагы эле жарактуу экендигине жана жумушсуз/жумуш издөөчү жаран иш берүүчүнүн талаптарына жооп берерине ынануу үчүн иш берүүчү менен байланышат.
34. Жумушка берилген жолдомолордун жыйынтыгы жолдомо картотекасында жана жумушсуз/жумуш издөөчү жарандын картасында чагылдырылышы керек.
10. Агенттин картотекасы
35. Жумушсуз/жумуш издөөчү жарандардын учурдагы карталары, активдүү картотекада алфавиттик тартипте жайгаштырылат.
36. Эгерде катталган жумушсуз/жумуш издөөчү жаран ишке орношсо же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымдаса, ал каттоодон чыгарылат. Анын картасы агент тарабынан андан ары архивдештирүү үчүн иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБка берилет.
11. Агенттердин эмгек акысын төлөө
37. Агенттин эмгек акысы аткарылган иштери жөнүндө отчеттун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө Жобого ылайык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча АБ тарабынан эсептелет.