Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 376
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ата мекендик отун-энергетикалык комплекстин ишканаларын мамлекеттик колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 13-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн көмүр продукциясын жеткирүүчү ата мекендик көмүр казуучу компанияларга темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө жеңилдетилген шарттарды белгиленген тартипте берсин, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында акы төлөбөгөндүгү үчүн айыптарды, туумдарды эсептөөнү жүргүзбөсүн;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча уюмдарды, атап айтканда Бишкек шаарынын ЖЭБин вагондордун туруп калганы үчүн айып пулдарды эсептөөдөн жана жүктү сактоо үчүн жыйымдан, белгиленген жол-жобого ылайык республика ичиндеги каттамда көмүрдү ташууда кызмат көрсөтүүгө өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туумдан бошотсун.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 53 (3607) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |