Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 361
Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу автомобилдик отун катары колдонууга арналбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтарды, автомобилдер үчүн спрейлерди жана уайт-спириттерди кошпогондо, ТЭИ ТН 2707101000, 2709001001, 2709001009, 271012110–271012900, 2710191100–2710191500, 2710192500, 27101209000, 3811119000, 3811190000 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, кошумдар жана антидетонаторлор, ТЭИ ТН 2710193100–2710194800, 710201100–2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизелдик отун жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата) отун маркери менен маркаланууга тийиш;
2) 2025-жылдын 1-январынан тартып ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маркаланбаган отундун калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат;
3) салык төлөөчүлөр маркаланбаган отунду жүгүртүүгө тыюу салууга чейинки мөөнөттө отундун калдыктарын маркалоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуунун акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабры деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында мунайдын жана мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу жана контролдоо тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар бул Жободо аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Жободо терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбосо, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде чечмеленет:
1) автомай куюучу станция (мындан ары - АКС) - автотранспорт каражаттарына бензин жана дизелдик күйүүчү май куюучу станция;
2) автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы (мындан ары - БАС) - бул чакан системаларды жана тиешелүү жабдууларды колдонуучу, комплексте станциялардын функцияларын башкарууну камсыз кылуучу, анын ичинде фискалдык чек чыгарып берилгенден кийин гана мунайзаттарды берүү бөлүгүндө отун-таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машинанын ишин синхрондоштурууну камсыз кылуучу автотранспорт каражаттарына мунай продуктуларын куюу боюнча станцияларды автоматташтыруу системасы;
3) автомобилдик газ куюучу станциялар - автотранспорт каражаттарына мунай газын (пропан) куюучу станциялар;
4) автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар - автотранспорт каражаттарына жаратылыш газын (метан) куюучу станциялар;
5) газ сактоочу жай - суюлтулган газды кабыл алуу, сактоо, транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө кайра жүктөө жана берүү үчүн курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси;
6) темир жолдогу куюучу туюк - мунай продуктуларын темир жол цистерналарынан (резервуарлардан) цистерналарга түшүрүүчү жер;
7) отунду маркалоо оператору - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же мамлекеттик менчик үлүшү бар уюм;
8) маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ТЭИ ТН 271012110 - 271012900, 2710191100 - 2710191500, 2710192500 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, ТЭИ ТН 2710193100 - 2710194800, 2710201100 - 2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата);
9) отун маркери - отундун молекулярдык курамына кирүүчү, жуулууга туруктуу молекулярдык маркер, анын бар экендиги шайкештикти баалоо документи бар атайын приборлор менен текшерилет;
10) "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭТТК МС) - салык төлөөчүлөр жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасы;
11) мунай базасы - мунайды, мунай продуктуларын кабыл алуу, сактоо, транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө кайра жүктөө жана берүү үчүн курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси;
12) мунайды кайра иштетүүчү завод - негизги функциясы мунайды бензинге, авиациялык керосинге, мазутка, дизелдик отунга, майлоочу майларга, майлоочуларга, битумдарга, газдарга, мунайхимиясы үчүн чийки затка кайра иштетүү болуп саналган өнөр жай ишканасы;
13) мунай продуктулары - термокатализатордук жана мунайды химиялык синтездөө жана башка методдор менен чийки мунайды жана газды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган, өзүнүн физика-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МАСТ) жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келген продуктулар жана компоненттер;
14) мунай сактоочу жай - мунайды же аны кайра иштетүүдөн алынган продуктулар үчүн резервуар же резервуарлар системасы;
15) мунай - чийки мунай, ошондой эле чийки мунайды тазалагандан, күйүүчү сланецтерди жана битумду камтыган тектерди кайра иштетүүдөн кийин алынган көмүр суутектери;
16) мунай скважинасы - мунайды казып алуу үчүн арналган тегерек кесилиштеги тоону иштетүү;
17) продукцияны берүү жөнүндө маалыматтарды белгилөө үчүн жабдуу - программалык камсыздоонун (байланыштыруу блогу) жардамы менен Интернет аркылуу маалыматты берүүчү жабдуу;
18) мунай продуктусунун партиясы - сапаты жөнүндө бир документ (паспорт) менен коштолуучу бир маркадагы мунай продуктусунун саны;
19) сапат паспорту - лабораториялык сыноолордун натыйжасында алынган мунай продуктусунун сапатынын көрсөткүчтөрүнүн сандык маанилеринин мунай продуктусунун ошол маркасына ченемдик документте көрсөтүлгөн маанилерине шайкеш келишин белгилөөчү документ;
20) акциздик мунай продуктулары - Кыргыз Республикасында ЕАЭБ ТЭИ ТН классификаторуна киргизилген, аларды сатуу акциздер боюнча салык салуу объекти болуп саналган мунай продуктулары;
21) керектөөчү - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды түздөн-түз өндүргөн уюмдан же рыноктон сатып алуучу;
22) резервуар - суюктуктарды жана газдарды сактоочу стационардык идиш;
23) чийки мунай - салыштырма салмагына карабастан, нормалдуу атмосфералык температурада жана басымда жер астынан суюк абалда алынуучу кандай болбосун көмүр суу тектери, анын ичинде дистиллят (газоконденсат) же конденсат деген ат менен белгилүү болгон, табигый конденсациялоо аркылуу жаратылыш газынан пайда болгон суюк көмүр суу тектери;
24) отун таратуучу колонка - автомашиналарга мунай продуктуларын куюучу колонка;
25) ташуу - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды казылып алынган жерден алар сакталуучу жана кайра иштетилүүчү жерге, ошондой эле алар кайра иштетилүүчү жерден керектөөчүгө чейин өткөргүч түтүктөр боюнча транспорттун башка түрлөрү менен белгилүү бир аралыкта берүү, бөлүштүрүү;
26) өткөргүч түтүк - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды ташуу үчүн багытталган жердин үстүндөгү же астындагы ар кандай диаметрдеги түтүктөр;
27) цистерна - суюктуктарды, суюлтулган газдарды сактоо жана ташуу үчүн жабык курулма (идиш);
28) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (мындан ары - ЭТТК) - товарларды жүгүртүүдө электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ЭТТК МС аркылуу таризделүүчү документ.
3. Мунайды жана мунай продуктуларын казып алуу, ташып келүү, өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу, сактоо, жүктөп жөнөтүү жана сатуу ушул Жобого ылайык ишке ашырылат. Мунайга жана мунай продуктуларына ушул Жобонун таблицасында көрсөтүлгөн товарлар кирет.
Таблица
№ | Позициянын аталышы | ТЭИ ТН коду |
1 | Мунай: чийки мунай жана битумду камтыган тектерден алынган чийки мунай продуктулары | 2709 00 900 1 - 2709 00 900 9 |
2 | Мунай продуктулары: автомобиль бензини | 2710 12 110 - 2710 12 900 8; 2710 19 110 0 - 2710 19 150 0; 2710 19 250 0 |
3 | реактивдүү отун | 2710 19 210 0 |
4 | дизелдик отун | 2710 19 290 0; 2710 19310 0 - 2710 19 480 0; 271020 110 0 - 2710 20 190 0 |
5 | мазут | 2710 19510 - 2710 19 680 9; 2710 20310 1 - 2710 20 390 9 |
6 | автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу жаратылыш газы (метан) | 2711 11 000 0; 2711 21 000 0 |
7 | автотранспорт каражаттары үчүн огун катары пайдаланылуучу мунай газ (пропан) | 2711 12 1100; 2711 12 190 0; 2711 12 970 0 |
8 | мажбурлап от алдыруучу кыймылдаткычтар үчүн этанолдук отун | 2710 12 419 0 |
9 | таш көмүр чайырынан жогорку температурада кайнатылган май жана башка продуктулар; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрүнүн массасы жыпар жыттуу эмес массасынан ашкан ушул сыяктуу продуктулар: отун катары пайдалануу үчүн бензол | 2707 10 100 0; 2707 99 110 0 - 2707 99 990 0 |
10 | битумду камтыган тектерден алынган мунай жана мунай продуктулары (чийкиден тышкары), башка жерде аталбаган же киргизилбеген, 70% же андан ашык мунайды жана мунай продуктуларын камтыган, битумду камтыган тектерден алынган продуктулар, мында бул мунай продуктулары иштетилген мунай продуктуларынан тышкары, биодизель камтылган продуктулардын негизги түзүүчүсү болуп саналат | 2710 12; 2710 12 150 9; 2710 12 250; 2710 12 900; 2710 19; 3826 00 900 0 |
11 | майлоочу майлар; башка майлар | 2710 19 710 0 - 2710 19 980 0 |
12 | башка мунай продуктулары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) | 2710 20 900 0 |
13 | мунай газдары жана башка газ сыяктуу көмүр суутектер (туруктуу газ композити) | 2709 00 100 1; 2709 00 100 9 |
14 | мунай продуктулары сыяктуу эле максаттарда пайдаланылуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка аптидетанаторлор | 3811 11 1000 - 3811 11 900 0; 3811 19 000 0 |
15 | битумду камтыган тектерден алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар | 3811 21 000 0; 3811 29 000 0; 3811 90 000 0 |
4. Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларын сатуу үчүн төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) дүң сатуу мунай продуктуларынын же резервуарлардын базасына менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде ээлик кылуу шартында гана жүзөгө ашырылат. Ушул Жобонун таблицасына киргизилген жана колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МАСТ) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык аталышы жана маркасы идентификациялоодон өткөн, ошондой эле бензинге жана дизелдик отунга маркалоосу бар гана мунай жана мунай продуктулары дүң сатылууга жатат.
Дүң (майда дүң) сатууда мунай продуктуларынын ар бир партиясында продукциянын паспорту болууга тийиш. Даярдоочу же сатуучу тарабынан берилүүчү (сатууга даяр продукцияны сактоочу ишканаларда) продукциянын паспорту продукциянын аталышын жана маркасын, продукцияны даярдоочу (сатуучу) жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде дарегин, продукциянын ошол түрү үчүн мүнөздөмөнүн ченемдик маанисин, бул мүнөздөмөлөрдүн сыноолордун натыйжалары боюнча аныкталган иш жүзүндөгү маанисин, сынамдар алынган датаны, бул сынам тандалып алынган резервуардын номерин (партиянын номерин), продукция даярдалган датаны, продукцияга анализ жүргүзүлгөн датаны, ошондой эле продукцияда кошумдардын бар (аталышы жана курамы) же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
2) чекене сатуу АКСте, автомобилдик газ куюучу станцияда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияда гана алар контролдук-кассалык сатылуучу отун жөнүндө маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жыйынтык суммасы) басып чыгаруучу жана аны реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана АБУ менен камсыз кылынган шартта гана ишке ашырылат. АКСте, автомобилдик газ куюучу станцияда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияда ушул Жобонун таблицасынын 2, 4, 6, 7 жана 8-саптарында аталган мунай продуктулары, ошондой эле колдонулуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МАСТ) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык аталышы жана маркасы идентификациялоодон өткөн, ошондой эле бензинге жана дизелдик отунга отун маркалары болгон гана башка акциздик мунай продуктулары сатылууга тийиш.
5. Суюлтулган көмүрсуутек газын газ сактоочу жайларга ташып келүүнү/импорттоону контролдоо үчүн сертификаттоо органдары тарабынан сертификацияланган келип түшкөн газды эсепке алуу приборлору милдеттүү түрдө орнотулат, мында көрсөткүчтөр ай сайын салык кызматынын органдарына берилет.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүн контролдоо үчүн мунайды жана мунай продуктуларын ташып келүүдө, жүктөп жөнөтүүдө, ташууда жана сатууда милдеттүү түрдө ЭТТК колдонулат, ошондой эле бензин жана дизелдик отун үчүн күйүүчү май маркери бар экендиги текшерилет.
7. Мунайды жана мунай продуктуларын мунай скважиналарынан, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон, мунай базаларынан, мунай сактоочу жайлардан, темир жолдогу куюучу туюктардан цистерналарда берүүгө жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордон, мунай сактоочу жайлардан, мунай базаларынан, АКСтен, автомобилдик газ куюучу станциялардан кабыл алуу-берүү ЭТТКны милдеттүү түрдө толтуруу менен коштолушу керек, ошондой эле бензин жана дизелдик отун үчүн отун маркеринин болушу зарыл.
Мунай продуктуларын сактоо, ташуу жана сатуу шарттары, ошондой эле отунду маркалоонун талаптары сакталбаган учурда, ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чаралары колдонулат.
2-глава. БАСты жабдуунун жана эксплуатациялоого киргизүүнүн шарттары
8. Мунай продуктуларын ташып киргизүүчү, сактоочу, өндүрүүчү жана сатуучу ишкердик субъект (мындан ары - ишкердик субъект) БАСты ишке киргизүүгө милдеттүү.
9. Техникалык талаптарга ылайык келген БАС жана продукцияны сатуу жөнүндө маалыматты белгилөө боюнча жабдуу ишкердик субъект тарабынан өз алдынча сатып алынат жана орнотулат.
10. БАСты продукцияны сатуу жөнүндө маалыматты белгилөөчү жабдуу менен камсыздоо жана аларды тейлөө ишкердик субъект тарабынан ишке ашырылат.
11. Ишкердик субъект БАСты сертификациялоо жол-жоболорун ыктыярдуу тартипте ишке ашырат.
12. Ыйгарым укуктуу салык органы БАС менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарга ишкердик субъект тарабынан орнотулган БАСтын шайкештигин функциялык жактан салыштырып текшерүү үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын курамында аймактык ведомстволор аралык комиссияларды түзөт.
13. Ушул Жобонун 10-пунктунун аткарылышы камсыз кылынбаган же БАС менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарга функциялык жактан шайкеш келбеген учурда ишкердик субъектке АКСтен, автомобилдик газ куюучу станциядан жапа автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциядан мунай продуктуларын чекене сатууга тыюу салынат.
3-глава. Мунай жана мунай продуктуларын ташып киргизүүнү/импорттоону эсепке алуу
14. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүүчү салык төлөөчүнү контролдоо максатында отунду маркалоо оператору салык органынын кызматкери менен бирдикте ташып киргизилүүчү/импорттолуучу мунай продуктуларынын коштоочу документтерге шайкештигин текшерет.
15. Отунду маркалоо оператору салык органынын кызматкери менен бирдикте салык төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мунай же мунай продуктуларын темир жол транспорту менен ташып киргизүүдө стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген коштомо кагаздын, цистернага күбөлүктүн болушун жана ташып киргизилүүчү мунайдын же мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү көлөмүн текшерет.
16. Отунду маркалоо оператору салык органынын кызматкери менен бирдикте субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мунай же мунай продуктуларын автотранспорт каражаты менен ташып киргизүүдө стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR), коштомо кагаздын, цистернага күбөлүктүн болушун жана ташып киргизилүүчү мунайдын же мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү көлөмүн текшерет.
17. Ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтер болгон жана шайкеш келген учурда отунду маркалоо оператору ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде бензинди же дизель отунду маркалайт.