Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 08-июлу №26/1
Кербен шаарына бөлүнгөн 200 миллион сомду стадион курууга жана саркынды суу системасын, тазалоо курулмасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-июнундагы №327-т тескемесине жана Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлунун № 01-20/1103 чыгыш катынын негизинде, ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнунда № 42 протоколунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчысессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын борбордук заманбап стадион курууга 85 миллион сом иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Кербен шаарыны саркындуу суу системасын, тазалоо курулмасын курууга 115 милиион сом иштетүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом мамлекттик ресстрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом “www.kerben.aksy.kg” веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү өзүмө калтырам.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Р.Назарбеков |