Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 08-июлу №26/2
Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт
айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агентигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт айылдарынын Башкы пландарынын долбоорун бекитүү жөнүндө сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт айылдарынын Башкы пландарынын долбоору бекитилсин.
2. Тийиштүү документтерди даярдап, жыйынтыктоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн мурунку өкмөт башчысы Камчыбек уулу Шекербекке милдеттендирилсин.
3. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго тапшырылсын.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Р.Назарбеков |