КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 08-июлу №26/4
Кербен шаарынын суугат суу тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлерлигине караштуу Финансы кредиттик фондунун 2014-жылдын сентябрь айында “Кербен Суу СПАсына” 2375,73 миң сом алынган кредит боюнча жана Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 25-июнь чыгыш № 01-20/1008 катынын ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнунда № 43 протоколунун негизинде, суугат суунун тарифин бекитүү жөнүндө сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын суугат суунун тарифи 0,13 ( онүч тыйын) болусуна макулдук берилсин.
2. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эсеналиевке тапшырылсын.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Р.Назарбеков |