БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын токтому
2024-жылдын 10-январы №26-1
Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган айылдык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Бел айылдык кенешинин “ бюджет, экономика, муниципалдык менчик , айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып , кошумча протоколун угуп жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жыргылбек Сайдаматовдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 102-беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылда Бел айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 24046,3 сом өлчөмүндө , анын ичинен салык жана салык эмес кирешелер 16762,2 сом жана теңдештирүүчү грант 7284,1 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын көлөмү №1 тиркемеге ылайык 24046,3 сом өлчөмүндө , анын ичинен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 9875,3 сом, айылдык кенешке 547,7 сом, жарандык коргонууга 300,0 сом, Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине 605,0 сом, экономикалык маселелерге 2735,8 сом, камуналдык башка чыгымдарга 842,0 сом, китепканага 243,8 сом, клубга 624,5 сом, маданият боюнча иш чараларга 101,0 сом, спорттук башка чыгымдарга 450,0 сом,бала бакчаларга 6041,7 сом , мектептерге 1229,5 сом жана социалдык коргоого 450,0 сом бекитилсин.
3.Бел айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2025-жылга 25894,4 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу алынуучу гранттар 7284,1 сом менен) 2026-жылга 27587,4 сомго (респбликалык бюджеттен алынуучу гранттар 7284,1 сом менен) бекитилсин.Бел айыл өкмотүнүн 2025-2026-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
4.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланылган каражаттар тиешелүү денгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.
5.Айыл аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден төлөнүүчү мүчөлүк акы 2024-жылы 445 баланын төлөмү 600 (сом ) өлчөмүндө белгиленип 3150,5 сомду түзгөн Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.К.Ракишевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик , айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ураимов М.А |