БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын токтому
2024-жылдын 10-январы №26-3
Бел айыл аймагынын Жаш айылына жаңыдан курулган Кубат Эргешов атындагы ФАПка штат ажырытып берүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Жаш айылында жайгашкан Кубат Эргешов атындагы ФАПка штат ачып берүү жөнүндө маселени туруктуу комиссия карап чыгып №22 ҮБДТнун директорунун маалыматын угуп Бел айылдык кеңешинин депутаттары төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел аймагынын Жаш айылындагы Кубат Эргешов атындагы ФАПка штат карап ачып берүү жагы Ноокат райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Абдикеримов Марсель Исмановичтен суралсын.
2.Штат бирдигин ачтыруу боюнча иш алып баруу жагы Бел айылындагы №22 Үй-Бүлөлүк даарыгерлер тобунун жетекчиси Айтматова Бактыгүлгө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Ракишевге жана Бел айылдык кеңешинин “мыйзамдуулук,жарандардын укугун коргоо, курулуш” боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| М.А. Ураимов |