БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын токтому
2024-жылдын 10-январы №26-4
“Жоогазын нуру” балдар бакчасынын айланасындагы кооптуу болгон бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Бел айыл аймагынын Ой-Талаа бөлүмүндө жайгашкан “Жоогазын нуру” балдар бакчасынын айланасындагы кооптуу болгон бак-дарактарды алуу жөнүндөгү аталган бакчанын директорунун маалыматын угуп, талкуулап Бел айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жоогазын Нуру балдар бакчысынын айланасындагы кооптуу болгон бак-дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
2.Бак-дарактарды кыюуда коопсуздугун кароо жана мыйзамдын негизинде иш жүргүзүү жагы бала бакчанын директору М.Осмоновага жана Кайрагач айылынын башчысы Б.Абдиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, архитектура ,курулуш,экология” боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Сайдаматовго тапшырылсын.
Төрага |
| М.А. Ураимов |