Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын  токтому 

2024-жылдын 10-январы  №26-5

Бел айыл аймагындагы “Маданият” үйүнүн айланасындагы жерлердин токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө

Бел айыл аймагынын Кайрагач  айылында жайгашкан “Маданият үйүнүн” айланасындагы мыйзамсыз ээлеп алган жерлерди кайрадан өкмөттүн балансына кайтаруу  жөнундөгү маселени карап чыгып Бел айылдык кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан “Маданият үйүнүн” айланасындагы мыйзамсыз ээлеп алган жерлердин токтомдору жокко чыгарылсын.

2. Токтомдордун мыйзамдуулугун карап, жокко чыгаруу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүн башчысы М.Ракишевге жана жер адистерине милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук ,укук тратибин сактоо, архитектура,курулуш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов