БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын токтому
2024-жылдын 10-январы №26-6
“Күнгөй” мектебинин айланасынан балдар бакчасына жер ажыратып берүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан Күнгөй башталгыч мектебинин жанынан балдар бакчасы үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, айыл башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач айылынын Күнгөй бөлүмүндө жайгашкан “Күнгөй” мектебинин айланасындагы жерден бала бакча курууга жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бала бакча ачуу жана иш кагаздары боюнча иш алып баруу жагы Күнгөй мектебинин директоруна, Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана айыл башчы Б.Абдиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Ракишевге жана айылдык кеңештин “ мыйзамдуулук жана жарандардын укугун коргоо” боюнча туруктуу комиссясына тапшырылсын.
Төрага |
| М.А. Ураимов |