БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын токтому
2024-жылдын 10-январы №26-8
Бел айыл аймагындагы “Жоогазын нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жана тамак-ашын каржылоо жөнүндө
Бел айыл аймагындагы “Жоогазын нуру” балдар бакчасына кошумча 4-тайпаны ачуу жөнүндөгү маселени мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия карап чыгып бала бакчанын маалыматын угуп, талкуулап Бел айылдык кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагынын кайрагач айылындагы “Жоогазын нуру” балдар бакчасына кошумча 4-тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасына кошумча 4-тайпанын балдарынын тамак-ашына акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ракишевге жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М.А. Ураимов |