Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын  токтому 

2024-жылдын 10-январы  №26-9

Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына ата-энелерден түшкөн балдардын тамак-ашына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө

Бел   айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда ата-энелерден түшкөн балдардын тамак-ашына калган калдыкты иштелип чыгылган атайын каражаттарын депутаттардын Бел айылдык кеңешинин “ бюджет, экономика жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгып , ата-энелердин макулдугу боюнча протоколдор менен таанышып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна таянып айылдык кеңештин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бел айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынан 2024-жылдын 1-январына эркин калдыгы ( балдар бакчасына керектүү эмеректер алууга) 431,051 (төрт жүз отуз бир миң элүү бир) сом өлчөмүндө жумшалсын.

2.Атайын каражаттын чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2024-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов