Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын  токтому 

2024-жылдын 10-январы  №26-10

Бел айыл өкмөтүнүн мекеме ишканаларына керектелүүчү лимитти бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы “ Жергиликтүү бюджеттерге каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” №126 токтомун ишке ашыруу максатында, айыл өкмөтүндөгү ишканалардын 2024-жылга электр энергиясынын лимитин бекитүү жөнүндөгү буйругун карап чыгып Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги он бешинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылга керектелген электр энергиясы үчүн 603,7 Квт лимитин бекитүү жөнүндөгү буйругу жактырылсын.

2. Бекитилген лимитти үнөмдүү пайдалануу жагы ар бир мекеме жетекчилерине жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ракишевге жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов