Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын  токтому 

2024-жылдын 20-февралы №27-1

2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акчаны бөлүштүрүү жөнүндө

Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акчаны бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды карап чыгып, Бел айылдык кеңешинин 27-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган 5 730 000 ( беш миллион жети жүз отуз миң ) сомду төмөнкү даректерге :

-Р.7011 Аппарат аткарылуучу жумуштарга : 334 000

-Р.70491 Экономикалык бөлүмгө : 121,980

-Атайын башка бөлүмгө: 150 000

-Балдар бакчаларынын интернет төлөмүнө: 50 000

-Р.708 25:  50 000

Бел айылы:

- Стим. Грант үчүн-150,0 

- Жашал мурас- 60,0

- Жаш көчөсүнө столбага- 100,0

- Р.70911 - Ү.Ниязбеков көчөсүндөгү “Канзада Райхан ажы эне” балдар бакчасынын кап ремонтуна - 3500,000

-Көпүрө курууга (додоң көчөгө)- 300,0

Кайрагач айылына: 

-Трансформаторго(Ф-60)-200,0

- ГСВ 19- 100,0

- Көпүрөлөргө- 400,0

- Күнгөй ФАПка - 75,0

-Таза суу боюнча техникалык ремонтко ( Г.Акматова) көчосү - 50,0

- Ш.Узаков көчөсү ( мечитке столбага) - 40,0

2.2024-жылга Бел айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын кирешелери жана чыгашалары 431,50 (төрт жүз отуз бир миң элүү) сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн жана атайын каражаттарынын 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча аныкталсын .

3.Бел жайыт пайдалануучулардын 2023-жылга коюлган планынан ашыкча 144,200 ( бир жүз кырк төрт миң эки жүз ) сом төлөмү планга отургузулуп өкмөттүн эсебине өткөрүлүп берилсин.

4.Япон грантынын эсептик счетундагы 2023-жылдын калдык 257,249 (эки жүз элүү жети миң эки жүз кырык тогуз) сом акча каражаты өкмөттүн планына отургузулсун.

5.Жогорудагы көрсөтүлгөн суммаларды мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ бюджет ,экономика, муниципалдык менчик,айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов