БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын токтому
2024-жылдын 20-февралы №27-2
Бел айыл аймагынын Таш-Булак айылынан көрүстөн үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Бел айыл аймагындагы Таш-Булак айылынын 47 контурунан 1,20 га жер аянтын ажыратып берүү жана трансформациялоо жагын карап чыгып, жер адистеринин маалыматын угуп талкуулап Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айылынын 47 контурунан 1,20 жер аянтын көрүстөн курууга макулдук берилсин жана трансформациялоо жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2.Жерди аныктап тийиштүү документтерин даярдоо жана камсыздоо жагы Бел айыл өкмөтүнүн жер адистерине, Таш-Булак айылынын башчысы Б.Жумабаевге жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ракишевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ мыйзамдуулук,укук тартиби, архитектура” боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| М.А. Ураимов |