Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын  токтому 

2024-жылдын 20-февралы №27-3

Мамлекеттик фондунун мөөнөтү бүткөн жерлерин аукцион аркылуу берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Мамлекеттик фондунун мөөнөтү бүткөн жерлерин аукцион аркылуу берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мамлекеттик фондунун мөөнөтү бүткөн жерлерин аукцион аркылуу берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов