БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын токтому
2024-жылдын 20-февралы №27-5
Бел айыл аймагынын Кайрагач айылына таза суу скважинасы үчүн 7 сотых жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Бел айыл аймагынын Кайрагач айылынын тургуну Ботоев Ибраимдин өз ыктыяры менен берген таза суу скважинасы үчүн 7 сотых жерин трансформациялоо жөнүндөгү маселени карап чыгып Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кайрагач айылынын тургуну Ботоев Ибраимдин өз ыктыяры менен таза суу скважинасы үчүн берген 7 сотых жерин трансформациялоо жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын жана өкмөттүн балансына алынсын.
2.Тийиштүү документтерин камсыздоо жана бул маселе боюнча иш алып баруу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ракишевге жана Кайрагач айылынын айыл башчысы Б.Абдиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укук тартиби жана архитектура” боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| М.А. Ураимов |