БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы №27-10
Бел айыл аймагындагы Ү.Ниязбеков көчөсүндөгү “Райхан” балдар бакчасына акча каражатын кароо жөнүндө
Бел айыл аймагында жайгашкан “Райхан” балдар бакчасынын ремонтуна акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел айылындагы “Райхан” балдар бакчасынын ремонт иштерине 3000 000 (үч миллион) сом акча каражатын кароого макулдук берилсин.
2.Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде карап берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика жана ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М.А. Ураимов |