БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы №27-13
Бел айыл аймагынын Кой-Басар бөлүмүнө чоң чыңалуудагы линия тартууга макулдук берүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Кой-Басар бөлүмүнөн 2 км 600 метрге чоң чыңалуудагы линия тартуу боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмеси сунуштаган маселени карап чыгып, талкуулап Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел айыл аймагынын Кой-Басар бөлүмүнө чоң чыңалуудагы линия тартууга макулдук берилсин.
2.Коопсуздугун кароо жана жоопкерчиликти алуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Д.Сулаймановго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук жана укук тартиби” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М.А. Ураимов |