Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 22-сессиясы

2024-жылдын 11-январы №2

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2024-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимитин бекитүү жөнүндө 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, электр энергиясынан пайдалануу лимитин бекитүү  жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 9-январындагы жыйындын протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:   

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, электр энергиясынан пайдалануусун көзөмөлдөө жана үнөмдөө максатында, 2024-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимити 1832.2 миң квт өлчөмүндө бекитилсин.

2.Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине: 2024-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимиттинин негизинде  иш алып баруу милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Собировго жүктөлсүн.

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов