Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 22-сессиясы

2024-жылдын 11-январы №5

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылда аткарыла турган иштерин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 13-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылдын иш планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Бекитилген иш планга негиз, ишти алып баруу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин  ( жетинчи чакырылышынын) 2024-жылдын 11-январындагы кезектеги № 22-сессиясынын № 5 токтомуна № 1 Тиркеме                                                                                                                                                            

 

 

   “Бекитемин”

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин  

               төрагасы _____________К.Сатторов 

 

                                

 

 

      Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-аракеттер планы

№

Иштердин мазмууну

Мөөнөтү

Ким тарабынан аткарылат

1

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-чарбалык жылындагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга милдеттемелери, 2025-2026 жылдар аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

1-квартал 2024-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы, Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

2

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш- планын бекитүү

1-квартал 2024-жыл

Айылдык кенешинин жооптуу катчысы

3

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 сандуу “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө иш-чаралар өткөрүү жөнүндө

1-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтү, Ноокат райондук мамлекеттик администрация жана айылдык кеңеши менен биргеликде

4

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы таза-суу ишканаларын 2023-жылда аткарган  иштеринин отчетун  жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү  жөнүндө

1-квартал 2024-жыл

Таза-суу ишканаларын жетекчилери жана Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

5

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун  жана  2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

1-квартал 2024-жыл

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

6

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Гезарт” суу пайдалануучулар асоссациясынын 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча маалыматты угуу, суу агуучу канал, арыктардын абалы, 2024-жылга карата түзүлгөн иш-пландары бекитүү

1-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы, Айыл башчылар, Гезарт СПА сынын Директору жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

7

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматтарын угуу жана айыл аймагынын тургундары менен элдик жыйын өткөрүү

1-квартал 2024-жыл

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

8

Айыл аймагындагы ветабалы тууралуу ветврачтын маалыматын угуу

1-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Айыл башчылары, Вет.адис жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

9

Айыл аймагындагы айылдардагы көрктөндүрүү, айлана чөйрөнү тазалоо, санитардык жана гигиеналык абалды жакшыртуу иштеринин жүргүзүлүшү, айылдагы көчөлөрдүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишенбиликтерди өткөрүү жөнүндөгү иш-чаралар

2-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Айыл башчылары, Айылдык кеңешинин депутаттары, мектеп директорлору, № 12, №13  ҮДТ  жана “Жаны-Ноокат Тазалик" муниципалдык ишканасын жетекчиси

10

Аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, социалдык бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери боюнча маалыматтарды угуу. Мамлекеттик жөлөк пул, пенсия, пособия жана соц. жардамдардын берилиши боюнча маалыматтарын угуу жана 2024-жылдагы иш-чаралары жөнүндө

2-квартал 2024-жыл

Аксакалдар сотунун төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы жана соцкызматкер

11

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарын угуу

2-квартал 2024-жыл

Айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын төрагалары

12

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы РИИБ нин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2023-жылдагы алып барган иштери жана кылмыштуулуктун азыркы күндөгү абалы жөнундөгү маалыматын угуу

2-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы, Айыл башчылар, Аксакалдар сотунун төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы жана Аймактык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчүлөрү

13

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мектептеринде окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу жана республикалык тестерге даярдыктар боюнча иш-чаралар жөнүндө

2-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, мектеп директорлору жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы                .

14

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин 2023-2024-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка даярдыгынын абалы жөнүндө маалыматын угуу

3-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин директорлору, соц кызматкер жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы                .

15

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата  милдеттемелери боюнча отчету

3-квартал              2024-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

16

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2024-жылдын 9-айында аткарылышы жана 2024-жылдын 4-чейрегине карата  милдеттемелери жөнүндө

4-квартал 2024-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

17

Аскердик кызматка чакыруу, паспорт, жарандык актыларын катоо, миграция жана жумушсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды угуу

4-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, ВУС башчысы жана миграция жана жумушсуздук боюнча адис

18

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2024-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу

4-квартал 2024-жыл

Айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын башчылары

19

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы калкка медициналык жактан кызмат көрсөтүү абалы боюнча № 12-№ 13 / ҮДТ нын клиникалык жетекчилеринин отчеттору

4-квартал 2024-жыл

№ 12-13 / ҮДТ нын жетекчилери, соц кызматкер жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  2024-жылга  карата  практикалык иш-чаралары

 

20

Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерине практикалык жардам көрсөтүү

Жыл ичинде

Жаңы-Ноокат Айылдык кенешинин жооптуу катчысы

 

 

 

21

Жаңы-Ноокат айыл аймагында 23-февраль Мекенди коргоо, 8-март Эл-аралык аялдар күнү, 21-март Эл-аралык Нооруз майрамын, 1-май жана 9-май Женыш майрамын, Энелер күнүнө, 1-июнь эл аралык балдардын коргоо  күнүнө, 3-июль медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын, 31-август Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь билимдер майрамын, 1-октябрь карыялар  күнүнө жана кесиптик майрамдарды жогорку деңгээлде өткөрүүнү уюштуруу

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү, соц кызматкер жана айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

22

“Сахаба” эс алуу сейил багынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, Эс алуучуларга шарт түзүп берүүнү уюштуруу

Апрель-сентябрь

Айыл өкмөтү жана айыл башчылар

 

23

Айылга ички жана тышкы инвестицияны тартуунун көлөмүн көбөйтүүнү уюштуруу

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

 

 

24

Кыргыз Республикасынын Президентин указдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Президентин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу

Ар алты айда

Айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу  катчысы

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

Т.Ниязалиева