Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 22-сессиясы

  2024-жылдын 11-январы №7

Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2023-жылдын 29-ноябрындагы кезектен сырткаркы 20-сессиясынын “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кызыл-Тейит айылындагы “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу боюнча 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү” № 1 Токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына  киргизилген, Кызыл-Тейит айылындагы “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу боюнча 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2023-жылдын 29-ноябрындагы кезектен сырткаркы 20-сессиясындагы “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген, Кызыл-Тейит айылындагы “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу боюнча 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү” №1 Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 

- 1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылындагы “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу долбооруна Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоого өздүк салым катары 2024-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты каралсын;

 

2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Cобировго жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов