ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы №23-сессиясы
2024-жылдын 06-февралы №1
Ноокат райондук прократурасыны 2024-жылдын 27-январындагы №24/00304 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү талабы тууралуу
Ноокат райондук прократурасы тарабынан Ош облусттук сотунун чечиминин алкагында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан “Янги-Обад”, “Кыр-Арык”, “Сами-Ата”, “Намуна”, “Гулшан”, “Мустакиллик”, “Илхом” жана “Зарибдор” дыйкан чарбаларына таандык болгон, Жаңы-Ноокат” айыл аймагынын борборунда жайгашкан балдар бакчасынын имарат жер аянты менен, Ноокат райондук прократурасы тарабынан 2023-жылдын 31-октябрында Ноокат райондук сотунун 2011-жылдын 28-декабрындагы чечимине карата апеляциялык сунуш кароосунун жыйынтыгы менен 2023-жылдын 22-декабрындагы Ош облусттук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими менен апеляциялык сунушу канааттандырылып, жогорудагы райондук соттун чечими жокко чыгарылып, аталган эки этаждуу балдар бакчасынын имараты 0.32 га жер аянты менен көз карандысыз баалоочу тарабынан 33 211 000 (оттуз үч миллион эки жүз он бир минг) сомго бааланган. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 62, 66, 68, 69 жана 119-беренесинин талаптарына ылайык, сот тарабынан укук берген документтер жараксыз деп табылган учурда жана соттун чечими юридикалык күчүнө киргенден кийин милдеттүү түрдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 5-бөлүгүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланган Жаңы-Ноокат айыл аймагынын борборунда жайгашкан эки этаждуу балдар бакчасынын имараты менен 0.32 га жер аянты, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу сунушталсын.
2.Токтомдун бир нускасы Ноокат райондук прократурасына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |