ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 23-сессиясы
2024-жылдын 06-февралы №2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Катта-Тал айылынын тургуну Лайлиев Абдубанноб Хадятиллаевичке тиешелүү 1437.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 72.0 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүү жөнүндө
Катта-Тал айылынын тургуну Лайлиев Абдубанноб Хадятиллаевичтин жеке менчигиндеги 72.0 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы чогулуштун протоколуна жана сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Катта-Тал айылынын тургуну Лайлиев Абдубанноб Хадятиллаевичке тиешелүү 1437.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 72.0 чарчы метр жер аянтты коммерциялык дүкөн багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |