ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 23-сессиясы
2024-жылдын 06-февралы №4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 29-ноябрындагы №01-19/1160 сандуу билдирүүсүнө негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкердикти колдоо максатында, жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө инвестиция тартуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине жана 15- беренесинин 8-2 бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү токтомуна, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы чогулушунун протоколуна жана сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймакта жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү, айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө инвестиция тартуу, кошумча жумушчу иш орундарын түзүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин”, жер мамилелери жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык (аукцион, конкурс, жана башка талаптар), Күнгөй-Хасана айылынын, жайыт бөлүмүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган 0.20 га жер аянтына, убактылуу конкурстук ижара келишиминин негизинде, ири мүйүздүү асыл тукум бодо малдарды өстүрүү үчүн жеңил типтеги мал сарайын куруугамакулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын жана жогорудагы суралган муниципалдык менчикте турган жер аянтын, ири мүйүздүү асыл тукум бодо малдарды өстүрүү максатында, жеңил типтеги мал сарайын куруу багыты боюнча пайдалануу жагы милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |