Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы

  2024-жылдын 20-февралы №3

ЖМетереологиялык коркунучтарды алдын ала эскертүү жана анын инфраструктурасынын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик метереологиялык станциясын” курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасында Метереологиялык коркунучтарды алдын ала эскертүү жана анын инфраструктурасыны онүктүрүү, мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн климаттык тобокелдиктерге туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, Мончок-Дөбө айылынын “Сурпа-Таш” бөлүмүндө мамлекет тарабынан бекер пайдалануу шарты менен  “Мамлекеттик метереологиялык станциясын” курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап чыгып жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып,   Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 14-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Мончок-Дөбө айылынын “Сурпа-Таш” бөлүмүндөгү 866-872 контурунда жайгашкан кайрак, ыңгайсыз таштак жайыт жер эсебинен 16.0 чарчы метр жер аянтын, мамлекет тарабынан бекер пайдалануу үчүн “Мамлекеттик метереологиялык станциясын” курууга ажыратып берүү жөнүндөгү Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-февралындагы № 01-19/205 сандуу каты канааттандырылсын.

 

2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана жер мыйзамдарынын негизинде, “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) керектөлүүчү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевге, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен Мамлекеттик метереологиялык станциясын тейлөө жана электр энергиясына кеткен чыгымдар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза-суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссияларынын курамына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 К. Сатторов